Аида Касымалиеванын иш таржымалында Al Jazeera, "Вести", Azattyk, НТС, КТРК өңдүү көрүнүктүү маалымат каражаттарындагы чыйырлары бар. Бир жарым ай мурун анын резюмеси менен эмгек китепчесине" СДПК фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты" деген жаңы сап кошулду.
Депутаттын бир бурчта үн катпастан отурбастыгы кыска убакыттын ичинде эле анык болду. Анын КТРК телеканалына эң жогоруда отурган аткаминерлердин таасирин чектөөгө багытталган мыйзам долбоору социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратты.
— Эмнеликтен Кыргызстанда депутаттарды мынчалык жек көрүшөт? Неге депутат дегенде эле көз алдыбызга чоң кара "Жип" минген, албетте, аны да элден уурдаган акчага алган, агатайлар тартылат.
— Көпчүлүктүн мени бай, акылы жок жана уятсыз кабыл алышы эң күтүүсүз нерсе болду. Эмнегедир баары мени парламентке өз бизнесине кам көрүү жана өз кызыкчылыктарын коргоого келди деп ойлошот.
— Бизнесиңиз барбы?
— Жок, бизнес кылбайм. Кара "Жип" да жок. Жумушка жөө барам, кээде такси чакырып, жолум түз болсо, маршруттук унаа менен жетип алам. Евгения Строкова деген кесиптешим да коомдук транспортто жүрөт, бул – кадыресе көрүнүш. Коомчулук да муну өзгөчө бөлүп карабастан, кадимкидей кабылдоого тийиш.
Албетте, сиз белгилеген нерселер асмандан алынган жок. Кайсы бир деңгээлде саясатчылардын өздөрүндө да айып бар. Экинчи тараптан, бардыгына парламент өзү туруштук берет, себеби, депутаттар коом көзүндө, эл алдына көп чыгат. Коомчулук болсо көндүм пикиринен кайтпайт.
— Депутаттык менен байый алдыңызбы? Журналист менен депутаттын тапканы айырмаланат да?
— Он жылга жакын эл аралык маалымат каражаттарында иштедим. Гранттарга даректүү тасмаларды тарттым. Маянам азыркыдан эки эсе көп эле. Айтмакчы, Twitter баракчама бул жөнүндө жазсам, ЖМКда “Аида Касымалиева айлык акысына нааразы” деген тема менен материалдар жарык көрдү. Даттанган жерим жок, чындык ушундай.
— Депутаттар менен сүйлөшүп калам, көпчүлүгүнүн көздөгөнү – эч ким менен урушпастан, жаңжалсыз мөөнөтүнүн аягына чейин олтуруу. Сиз башка нукта бара жатасыз. Чочулаган жоксузбу?
— Жок, коркпойм. Баарлашып, тартышып-талкуулаганды жактырам өзүм. Эми абайлап калдым. Бир нерсе айтыштан мурун үчкө чейин санайм.
— Аида Касымалиева балдардын 1-июнда белгиленчү жалгыз майрамына тыюу салууну сунуштоодо деген маалыматтарды айтып жатат окшойсуз. Эмне дегиңиз келди эле?
— "Балдардын каруселге түшүшүнө неге каршысың, апа?" деп кызым да сурады. Айтор, "бузук телефон" ойнодук (күлүп).
Болгону 1-июнда гана эмес, балдардын укугу жөнүндө жыл бою ойлонолу дегим гана келген. Аттракциондордун абалын улам текшерип туралы, антпесе, жакында эле Ошто аттракцион бузулуп, сегиз киши жабыркабадыбы.
— Бир нече жыл мурдагы маегиңизде депутат болуп келсеңиз, көр оокаттын айынан сыртка кеткен аялдардын көйгөйлөрү боюнча иш алып барарыңызды айткан элеңиз. Эмнеге ушул жаатты тандап алдыңыз эле?
— Жүрөгү аркылуу өткөргөн нерсе адамды дайым түйшөлтөт. Москвада эки жылга жакын кабарчы болуп иштедим, мигранттар тууралуу даректүү тасмаларды тарттым. Ал шаардагы жашоомдун өзү арт-хаус жанрындагы узак даректүү тасмага айланган. Ал жактагы мигранттарыбыздын көйгөйү көп, бирок мен үчүн аялдардын өз ымыркайларын өлтүргөндөрүн түшүнүү татаал.
Чүрпөлөрүн муунтуп, таштанды челектерге таштагандар, кайнак суу төккөндөр да болгон. Алар менен сүйлөшкөнүмдө бала никеден кийин гана төрөлүш керек эмеспи, кучагындагы ымыркай менен айылына кайтуу алар үчүн уят экенин айтышкан. Ал кыздарга эмне болду, дегеле биз эмне болдук, коомго эмне болгон?.. Ийин куушуруп, жай гана жашообузду улантуудабыз.
— Ар кандай саясий жолугушууларга узун юбка кийүүгө кеңеш берилди эле. Ошондо да ар кимдин айтканын аткарбай, шым кийип эле жүрө берериңизди айткан элеңиз.
Чоң саясатка келгенден кийин мурдагы өзүмдү тааный албай калгандаймын деп ойлондум өткөндө. Азыр бир чечимге келерден мурда көпкө акыл калчайм, сабырдуу болуп калдым. Кара, кара көк түстөгү, узун кийимдерди кие баштадым.
Анан да жолум тегиз эмес экенине баш ийдим. Катачылыктарым үчүн катуу жаза алам, бирок соңунда максатыма жетем.
— Бир ирет мурдагы президенттер Аскар Акаев жана Курманбек Бакиевдерди кетирген катачылыктары үчүн кечирим суроонун ордуна башкаларды айыптоо менен алек деп күнөөлөгөнсүз. Эгер өзүңүз туура эмес кадамга барсаңыз, кечирим суроо жеңил болмок беле?
— Катачылык кетирсем, аны моюнга алыштан качпайм. Азыр маселен, коомдук телеканал боюнча мыйзам долбоору талкууда. Абдан катаал сын-пикирлерди угуп жатам. Бир тараптан ал сындар негизсиз, баары жайында деп койгум келет. Бирок ар бир пикирден чындыктын үлүшүн издөөгө аракет кылам. Баарын угуп, анализдеп, эске алууга даярмын.
— Сизге чемодан толо акча көтөрүп келип, "мунун баары сага, болгону бир мыйзамды кабыл алып бер" деп келүүгө мүмкүнбү?
— Жок! Пара алган адамдарды түшүнө да албайм. 33 жашымда өзүм чогулткан акчага батир сатып алдым. Азыркы маянам кызым экөөбүздүн жашообузга жана анын билим алуусуна жетиштүү. Унаанын да зарылчылыгы жок экенине ынандым.
Адамдын пара алышына эмне түрткү болушу мүмкүн деп ойлоном да, түк түшүнө албайм. Анан да паракорлор жакыр адамдар эмес экендигин билебиз. Мындай ачкөздүктү дегеле аңдай албайм. Эгер кеп пара жаатында болсо, кедей адамды да актай албайм.
— Башка депутаттарды, кесиптештериңизди кандай баалайсыз?
Көпчүлүгү өздөрүн мактатпайт, маалымат каражаттарына чыкпайт, бирок абдан мыкты мыйзам долбоорлорун жазышат. Мага да бул ачылыш болду, көрсө бизде жакшы адистер жетишерлик экен.
— Беш жылдан кийин эмне менен алек болосуз?
— Депутаттык ишмердикти улантсам дейм. Мага бул иш абдан жагат, иликтөөчү журналистика сымал сезилет. Маалымат, мыйзамдар менен иштейсиң, адамдар менен баарлашып, алардын көйгөйлөрүн чечүү менен алексиң. Эгер башкача нук алсам, китебимди жазып бүтүрөм.