Атамбаев: кыргыз эли 15-октябрда жаңы президентти шайлайт
Президент Алмазбек Атамбаев президенттик шайлоо 4,5 айдан кийин, тактап айтканда, 15-октябрда өтөрүн Куралдуу күчтөрдүн 25 жылдыгына арналган салтанатта сүйлөп жатып билдирди.
"15-октябрда кыргыз эли жаңы президентти шайлайт. Албетте, мен да акыркы айларда өткөн-кеткенди эстеп, президент катары жасаган иштеримди талдап жаткан кезим", — деди ал.
Атамбаев ошондой эле 5-6 жылдын ичинде элди кыйнаган бир топ көйгөйлүү маселелер чечилгенин айтып, кыргыз көчү өзүнүн жолун таап, күндөн күнгө түзөлүп кең келечекти көздөй бара жатканын баса белгиледи.