00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Когда в районе нет ни одного адвоката: что предлагает Минюст КР
08:04
39 мин
On air
08:43
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Баланын укугу — алимент: өндүрүү механизмдери күчөйбү?
09:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Какие задачи стоят перед Кыргызстаном во время председательства в ШОС
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдин Кыргызстанга 15 миң электромобил ташып келүүгө тарифтик жеңилдиги кандай шартта ишке ашат?
11:04
24 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Санарип сом деген эмне жана анын артыкчылыгы эмнеде?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Детский паспорт по-новому: что изменилось для родителей
12:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жасалма интеллект Кыргызстанда чыгармачылыкты өзгөртө алабы?
13:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Кыргызстан уюшкан кылмыштуу топтордон толугу менен арылды. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Чүйдөгү сапарында билдирди. Ал өлкөдө мындан ары УКТ менен байланышы бар деп эч ким жоопко тартылбай турганын, анткени алар жоголгонун белгилеген. Ташиев ошондой эле коопсуздук жана башка укук коргоо органдарында иштеген кызматкерлерге кайрылып, аларды калыс болууга, иш процесси учурунда күнөөсү жок адамдардын тагдырына балта чаап, туура эмес чечим чыгаруудан сак болууга чакырган.Ал күнөөсүз адамды жоопко тартып жыйынтык көрсөткөндөн көрө, эч нерсе кылбай койгон артык экенин кошумчалады.
Тоо-кен өндүрүүчүлөр жана геологдор ассоциациясынын төрагасы, техника илимдеринин доктору, академик Дүйшөнбек Камчыбеков тоо-кен тармагында туруктуу иш алып барган жумушчу топ түзүү зарылдыгын айтты. Кыргызстандын тоо-кен тармагын өзүнчө мамлекеттик орган кылыш керек. Министрликтин ичинде экологиялык маселелер, климат көйгөйлөрү, техникалык көзөмөл, геология, тоо-кен тармагы да бар. Министр мунун баарына жетише албайт. Бул тармак министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик агенттик болуп өзүнчө саясат алып барышы кажет.Анын айтымында, тоо-кен тармагын өнүктүрүү концепциясы иштелип чыкса бир топ жылыштар болмок.
УКМК 1-январдан тарта ак ниет ишкерлерди текшерүүсүн токтотот. Бул тууралуу атайын кызматтын жетекчиси Камчыбек Ташиев билдирди. "Жыл башынан тарта ак ниет ишкерлерди колдоо максатында УКМК жана укук коргоо органдары тарабынан ар тараптуу текшерүүлөр токтотулат. Ишкерлерге экономикалык эркиндик берилип, алардын укуктарын коргоо башкы орунда болот", — деген Ташиев. Ошондой эле УКМК 2026-жылы мамлекеттик органдардагы, өзгөчө финансы, энергетика, тоо-кен, калкты тейлөө борборлорундагы коррупция менен күрөшөрү белгиленген.
Санкт-Петербург шаарынын Смольный райондук соту Дмитрий Биволдун мурунку жубайы Екатерина Биволго карата доо арызын карады. Ал соттон ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкердик беделин коргоп берүүнү өтүнгөн. Буга чейин Екатерина соцтармактардагы баракчаларында спортчу тарабынан үй-бүлөлүк зомбулукка кабылганын билдирген. "Жоопкер 2024-жылдын 16-сентябрынан 2025-жылдын 11-августуна чейин Instagram социалдык тармагына доогер жөнүндө жалган маалыматтарды камтыган жарыяларды жайгаштырган. Ошондой эле ушул жылдын 21-июлунан 11-августуна чейин Telegram мессенджеринде ушундай эле комментарийлерди жана тексттик материалдарды тараткан", — дешти соттон. Сот "көрсөтүлгөн маалыматтар чындыкка дал келбейт, Дмитрий Биволдун ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирилген" деген чечим чыгарган. Екатерина Бивол өзүнүн бардык сайттарында, социалдык тармактардагы баракчаларында, ошондой эле мессенджерлердеги каналдары менен группаларында айткандарын төгүндөшү керек. Ал сот чечиминин корутунду бөлүгүн камтып, бардык колдонуучулар үчүн алты ай бою ачык болушу шарт.
Жаңылыктар түрмөгү
0