00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
15:57
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Курчаган тоолор жана аба коридорлорунун орду өзгөчө - Эмне үчүн Бишкек ыштан арыла албай жатат?
15:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От подвига к наследию: музеи и образовательные проекты, посвящённые памяти Победы
16:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Поэзияда жаңы ысымдар, жаңы дем – Жаштарга жол ачкан “Жаш акын” сынагы өттү
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Как регулируется туристическая сфера в КР и нужен ли ей более жесткий контроль
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
2025-жыл. Кыргызстан эл аралык экономикалык алакаларын кандай түздү?
19:06
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Курчаган тоолор жана аба коридорлорунун орду өзгөчө - Эмне үчүн Бишкек ыштан арыла албай жатат?
21:04
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Россия Кытайга өткөн айда 1 млрд долларлык алтын экспорттодуТрамптын администрациясына Киевге караганда АКШнын улгайган адамдары маанилүүЕАЭБ менен Индонезия эркин соода боюнча келишимге кол койдуЕАЭБдин биргелешкен ИДПсы өсүүдө, көрсөткүчтөр боюнча Кыргызстан — чемпион. Бул тууралуу РФ лидери Владимир Путин Санкт-Петербург шаарында өткөн ЕАЭБ саммитинде билдирди. "ЕАЭБдин биргелешкен ИДПсы өсүүдө. Көрсөткүчтөр боюнча 10 пайыздан жогорку өсүш менен Кыргызстан чемпион болду. Бул сонун көрсөткүч. Кыргызстандын президентин жана анын командасын бул жыйынтыгы менен куттуктайбыз", — деди ал. Путин ошондой эле биримдиктин айыл чарба продукциясы эки пайызга, чекене соода үч пайызга, курулуш 4,7 пайызга өскөнүн белгиледи. Мындан тышкары, Россия жетекчиси ЕАЭБ өлкөлөрү беш жылга каралган евразиялык экономикалык интеграцияны ишке ашырганына токтолду. Анын айтымында, соодадагы көптөгөн тоскоолдуктар жоюлуп, административдик иштер калыпка түшүп, бажы жана салык жаатындагы координация жакшырып, кооперативдик долбоорлорду колдоо механизми ишке кирди. РФ лидери мындан аркы интеграциялык иш 2045-жылга чейин макулдашылган “Евразиялык экономикалык жол” декларациясынын алкагында болушу керектигин белгиледи.
Евразиялык экономикалык биримдик менен Индонезия Санкт-Петербургда өткөн саммиттин алкагында эркин соода боюнча келишимге кол койду. Кол коюу аземине Россиядан вице-премьер Алексей Оверчук, ал эми Индонезия тараптан соода министри Буди Сантосо катышты. ЕАЭБдин божомолу боюнча, макулдашуунун аркасында алдыңкы үч-беш жыл ичинде кол койгон тараптардын ортосундагы соода эки эсе көбөйөт. Индонезия биримдик өлкөлөрүнө пальма майы менен кофенин экспортун көбөйтсө, ЕАЭБ мүчөлөрү Индонезиянын рыногуна жер семирткич, энергетикалык жана механикалык каражаттарды сатат. РФ лидери Владимир Путин мурда белгилегендей, документ 90%дан ашык товардык номенклатурага жана өз ара соода жүгүртүүнүн болжол менен 95%ына эркин соода режимин орнотот.
Ноябрь айында Россия Кытайга дээрлик 1 млрд долларлык алтын экспорттоду. Бул тууралуу Кытай бажысынын маалыматына таянып, Известия жазды. Ага ылайык, өткөн айда Россия Кытайга 961 млн долларлык рекорддук көлөмдөгү алтынды саткан, бул эки тараптуу соодадагы эң жогорку көрсөткүч экени айтылды. Россиядан Кытайга мындай ири көлөмдөгү жүк ташуулар октябрь айынан бери катталып келет, анда Кытайга 930 млн долларлык жүк сатылган. 2024-жылдын ушул эле мезгилинде алтын чыгарылган эмес, ал эми өткөн жылдагы жүк ташуулардын эң жогорку көрсөткүчү 223 млн долларды түзгөн.
Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамптын администрациясы Украинаны финансылык жактан колдоого караганда, улгайган америкалыктарга көмөктөшкөндү биринчи орунга коет. Бул туурасында АКШнын вице-президент Жей Ди Вэнс айтканын РИА Новости жазды. "Биз улгайган америкалыктарга жардам берип жатабыз, анын ичинде социалдык камсыздандыруу боюнча төлөмдөрдөн салыктарды алып салуу аркылуу да колдоо көрсөтөбүз. Анткени биз ата-энелердин бардык каражатын Украинага жөнөтүү эмес, аларды урматтоо маанилүү деп эсептейбиз", — деген вице-президент. АКШнын администрациясы мурдараак Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу планын иштеп чыгуу тууралуу жарыялаган эле. Ал эми Кремлден Россия сүйлөшүүлөргө ачык экенин жана Анкорижде талкуулангандарды кармана тургандыгын айтышкан эле.
Жаңылыктар түрмөгү
0