00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
13:44
14 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Тысячи добровольцев в первые дни войны — историк о том как Кыргызстан встретил 1941 год
08:05
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Мамлекеттик кызматкерлер күнү: кесип, жоопкерчилик жана реформалар
09:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как новый закон о долевом строительстве защитит покупателей квартир в Кыргызстане
10:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Мамлекеттик салык кызматы алардын атынан билдирүү жөнөтүп, акча которууну талап кылган алдамчылык фактыларынын көбөйгөндүгү тууралуу айтып, элге эскертүү берди. "Салык кызматы мессенджерлер же социалдык тармактар аркылуу акча которууну, ошондой эле салыкты ушундай жол менен төлөөнү талап кылбай тургандыгын эскертет", – деп маалыматта айтылган.Салыкчылар мындай маалымат түшсө текшерип, билдирүү алдамчылык мүнөздө болсо укук коргоо органдарына кайрылуу зарылдыгын айтышты.
АКШнын Федералдык резервдик системасынын акча-кредиттик саясаты мындан ары да жумшарышы мүмкүн болуп турган чакта алтындын баасы тарыхый максимумга жетти. Буга сезондук фактор дагы таасир этүүдө. Бүгүн Москва убактысы боюнча саат 8:11ге карата Нью-Йорктун Comex биржасында декабрь айындагы алтын фьючерстери 45,30 долларга же 1,03 пайызга кымбаттап, троя унциясы үчүн 4432,60 долларды түздү. Буга чейин соода сессиясында баа бир унция үчүн 4435,15 долларга чейин көтөрүлүп, рекорд койгон. Декабрь айындагы күмүш фьючерстери катуу өсүштү көрсөтүп, 2,78 пайызга жогорулап, унциясы үчүн 69,362 долларды түздү. Буга чейин соода сессиясында күмүштүн баасы да бардык убактагы эң жогорку чекке жетип, унциясы үчүн 69,515 долларды түзгөн. АКШнын Федералдык резерв системасы декабрдагы жыйынынан кийин эталондук пайыздык ченди үчүнчү жолу катары менен 25 базистик пунктуга төмөндөтүп, 3,5%дан 3,75%га чейин түшүрдү. Регулятордун жаңы жылдагы биринчи отуруму 27-28-январга пландалган. Кыргызстанда да Улуттук банктын алтын куймаларынын баасы апта бою көтөрүлүүдө. Бүгүнкү күндө 1 граммдык куйма 13 миң 627 сом болсо, 100 граммдыкы 1 миллион 259 миң 983 сомго бааланууда.
Токтогулда калың жааган кардан улам кыштоодогу 26 чабан 8 миң баш малы менен кыштоодо калып кетти Кечээ Толук айылынын тургундарынын ӨКМ менен бийликтен жардам сураган видеосу тараган. Алар 19-декабрдан бери жааган кардын калыңдыгы 1 метрден ашып, кыштоодо жете албай жатканын билдиришкен. “Алар тоюту жана тамак-ашы жок калды. Байланыш жок, телефон тартпай жатат”, — деген жергиликтүү тургун. ӨКМ аларга кайрылуу түшкөнүн тастыктап, бүгүн Жарандык коргонуу кызматынын өкүлдөрү жолго чыгып кетишкенин билдирди. Министрлик 7760 баш малдын 330у бодо мал, 180и жылкы экенин кошумчалады. Кыштоого барчу 50 чакырымды жолду эки техника тазалап жатат.
Москванын түштүгүндө бомбанын жарылуусунан генерал-лейтенант Фанил Сарваров каза болду. Бул тууралуу РИА Новостиге Россия Тергөө комитетинин расмий өкүлү Светлана Петренко билдирди. Буга чейин Тергөө комитети Москванын түштүгүндө болгон окуядан бир адам жабыркап, бир унаа зыянга учураганын, кылмыш иши козголгонун билдирген. "Окуянын кесепетинен Россия Федерациясынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын ыкчам даярдоо башкармалыгынын жетекчиси, генерал-лейтенант Фанил Сарваров каза болду", — деди Петренко. Анын айтымында, тергөө кылмыштын ар кандай версияларын талдоодо. Кылмышты Украинанын атайын кызматтары уюштурушу мүмкүн экени айтылууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0