00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Когда в районе нет ни одного адвоката: что предлагает Минюст КР
08:04
39 мин
On air
08:43
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Баланын укугу — алимент: өндүрүү механизмдери күчөйбү?
09:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Какие задачи стоят перед Кыргызстаном во время председательства в ШОС
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдин Кыргызстанга 15 миң электромобил ташып келүүгө тарифтик жеңилдиги кандай шартта ишке ашат?
11:04
24 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Санарип сом деген эмне жана анын артыкчылыгы эмнеде?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Детский паспорт по-новому: что изменилось для родителей
12:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жасалма интеллект Кыргызстанда чыгармачылыкты өзгөртө алабы?
13:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин бириккен жыйынында отчет берип, Кыргызстан ИДПнын өсүүсү боюнча былтыр дүйнөнүн алдыңкы үч өлкөсүнүн катарына киргенин айтты.Ал ИДПнын өсүшү 10,2 пайыз болгонун, былтыркы ыргак быйыл да сакталганын белгиледи."Мындай көрсөткүч Кыргызстандын тез өнүгүп жаткан өлкө катары таанылып жатканын далилдейт. Кечээ Россиянын президенти Владимир Путин да КМШнын бейформал саммитинде бул тууралуу белгиледи", — деген Касымалиев.2024-жылы ички дүң продукция 11,5 пайызга өстү, ал эми 2025-жылы да жогорку өсүү темпи сакталууда. Акыркы жылдары өлкөнүн номиналдык ИДПсы дээрлик үч эсе көбөйдү. Бул жүргүзүлүп жаткан реформалар майнаптуу болуп жаткандыгынын айкын далили.Эл аралык валюта фондунун маалыматына ылайык, өлкө ИДПнын өсүү темпи боюнча дүйнөдөгү алдыңкы мамлекеттердин катарына кирди. 2025-жылы ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн ичинен 1-орунду ээледи.2024-жылы киши башына эсептелген ИДП 2 513 долларга жетти. Быйыл бул көрсөткүч 2 800 долларга чейин өсөт деп күтүлүүдө.Консолидацияланган бюджеттин көлөмү 689,3 миллиард сомго чейин өстү, киреше негизинен салыктын эсебинен көбөйдү. Ал эми республикалык бюджет жылды 34,3 миллиард сом профицит менен жыйынтыктады.
Күзүндө баа кескин төмөндөп кеткенде мамлекет дыйкандарды колдоо максатында миң тонна төө буурчак сатып алган. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев "Биринчи радионун" эфиринде айтты.Министрлер кабинети бул максатка 100 миллион сом бөлүп, мамлекет төө буурчактын килограммын 95 сомдон алган."Жаңы жылдан кийин баа көтөрүлөт деп күтүп жатабыз. Индия, Иран, Россия жана Түркия менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Дубайга сатуу боюнча да пландарыбыз бар", — деди министр.Министр Талас облусундагы дыйкандарга төө буурчак менен катар эле кант кызылчасын жана сафлор өстүрүүнү сунуштады. Анын айтымында, сафлордон май, жем жана саман алынып, ал мал чарбачылыгы үчүн баалуу тоют болот. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча сафлор майын өндүргөн элүүдөн ашуун чакан ишкана иштеп жатат.
Депутат Дастан Бекешев университеттерде сабакты бир күн калтырган студенттерге 1000 сом айып салынып жатканын Жогорку Кеңеште билдирди.Анын айтымында, мындай тажрыйба Эл аралык медициналык университетте жана башка колледждерде да байкалууда.Илим жана жогорку билим берүү министринин биринчи орун басары бул маселе көзөмөлгө алынарын убадалады.
Эгер НАТО мамлекеттери менен согуш баштала турган болсо, Россия курал-жарактын бардык түрү боюнча артыкчылыгын көрсөтөт. Мындай пикири менен АКШ армиясынын отставкадагы подполковниги Дэниел Дэвис YouTube каналынын эфиринен бөлүшкөнүн РИА Новости жазды.Муну менен бирге Дэвис эксперттик пикирге таянып, согушка тартылышы мүмкүн болгон Улуу Британия тирешүүгө бир нече жума гана туруштук бере аларын белгилеген.Кечээ Германиянын коргоо министи Москванын НАТОго "кол салуусуна" ишенбей турганын билдирген. Анткен менен декабрдын башында альянстын Аскер комитетинин башчысы адмирал Жузеппе Каво Драгоне блок Россияга "эскертүүчү сокку урушу" мүмкүн экенин белгилеген болчу. Анын айтымында, бул "коргонуу үчүн" жасалган кадам болмок.
Жаңылыктар түрмөгү
0