БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Американын Виргиния штатынын тургуну президенттин тик учагы үчүн даярдалган жалпы суммасы 100 миң долларга жеткен аскерий жабдууларды уурдаганын мойнуна алды. Ал тетиктерди eBay сайты аркылуу сатып жүргөнүн Ассошиэйтед Пресс агенттиги билдирди.
Бранден Бейкер түн ичинде сүрөттөрдү жакшыртып көрсөтө турчу 50дөн ашык жабдууну АКШнын деңиз аскер базасынын аймагынан алып чыккан. Бул базада тик учактар техникалык кароодон өтөт. Анын айрымдарында өлкө президенти да учат.
Маалыматка ылайык, уурулук 2013-2015-жылдары жасалган. Мамлекеттин мүлкүн уурдаган Бейкер он жылга чейин эркинен ажыратылып, келтирген чыгымдары үчүн 94 миң доллар төлөшү ыктымал.
Сот акыркы чечимди август айында чыгарат.