БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Зеленодольск шаардык соту түндө тынчтык бербеген коңшусунун мурдун тиштеп алган кишини 3,5 жылга эркинен ажыратты. Бул туурасында РИА Новости Татарстандын прокуратурасына шилтеме берип кабарлады.
"Денис Голобородько кишинин ден соолугуна билип туруп зыян келтиргендиги, анын кебете-кешпирин бузуп салгандыгы үчүн күнөөлүү деп табылды. Сот мамлекеттик айыптоочу менен биргеликте ал кишини катуу тартипте 3,5 жылдык жаза мөөнөтүн өтөөгө өкүм чыгарды", — деп айтылат маалыматта.
Окуя былтыр, 16-декабрда болгон. Айыпталып жаткан адам коңшуларынын тынчтык бербей, кер-мур айтышып жатканынан ойгонуп кеткен. Араздашкандар жатаканада жашаганы белгилүү болду.
"Жаалданган Голобородько беркининин өпкө-боорун капшыра кучактап туруп, мурдунун учун үзө тиштеген",— деп айтылат маалыматта.
Прокуратура сот жараянында айыпталуучу күнөөсүн толугу менен мойнуна алгандыгын кошумчалаган.