00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
08:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Шиш така, ашынган айдоочу жана тост. Чет элдиктердин оозун ачырган Бишкектеги 9 учур

© Sputnik / Табылды КадырбековПразднование 138-летия города Бишкек
Празднование 138-летия города Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул материалды даярдоодо Sputnik агенттигинин колумнисти Мунара Ниязова чет өлкөлүк тааныштарын жадатты да өңдөнөт. Бирок убарасы текке кеткен жок!

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Башка өлкөлөргө чыкканда ар бир адам ал жактагы көрүнүштөргө таасирленет, айрымдарына айран таң калат. Бишкек боюнча таасирлеринен кеп кылсам чет өлкөлүк тааныштарымды окшош эле нерселер таңдантканын байкадым.

1. Татына айымдар көп, бирок келишимдүү мырзалар аз. Бул, балким, жигиттерди кубантар. Кантсе да, аялзатынын жүрөгүн ээлеш үчүн атаандаштары аз болот эмеспи.

Бирок ошону менен бирге эле меймандарыбызга биздин сулуулардын күндүзү да кечки макияж менен жүрүшү жана күнүгө бийик така кийиши абдан таң калычтуу экен.

Келин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Онлайн үйлөнүү, музыкасыз куда күтүү — бишкектиктерди таң калтырган беш үлпөт той
2. Муңайым колуктулар. Чет элдиктер бизде өткөн үйлөнүү үлпөттөрүндө колуктулардын суз жана уялыңкы болорун белгилешет. Коноктор жыргап тойлоп жатканда ак жоолукчандардын кабагы салыңкы болушу жат көрүнөт.

Меймандарыбызга кыздын өз үйүнөн узап жатышын, жаңы келиндин ордун, дегеле, карапайымдык жогору бааланарын түшүндүрүүгө туура келет.

3. Жолдордогу экстремалдуулук. Бир таанышым жашоосунда акула менен да сүзүүгө, парашюттан да секирүүгө үлгүргөн. Бирок Бишкекте машина айдагандан кийин ал жетишкендиктери баланын оюнчугундай болуп калганын айтат. Баамында, борбор калаабыздын айдоочулары – ашынган экстремалдар.

4. Дасторкондун жазылышы. Бешбармак менен торттун бирге коюлушун чет элдиктер дегеле түшүнбөйт экен. Батышта бир тамактан кийин стол үстү жыйналып, соңунда гана таттуу берилет эмеспи.

5. Бишкек – жаштардын шаары. Кымбат ресторан жана барларда айрыкча жаштардын көп эс алышы да аларга кызык. Адатта студенттер акчасыз келишет го.

Англиялык бир айым элүүдөн ашкандар эс алчу жай таба албай көңүлү чөгүптүр. Барган жеринде улгайган эне катары кабылданып, бул жакта 50дөн кийин өмүр бүтчүдөй сезилген. Ушул жашка келгени адамдар ырдап-бийлеп көңүл ачпай калгандай көрүнгөн ага.

6. Кымбат нерселерге болгон ашыктык. Бишкек жөнүндө чет элдик кишинин бизнес-планынан: "Шаардын бир чарчы аянтында Range Rover менен айфондордун мынчалык көп болушу шумдук" деп жазылганын окудум. Буга башка кеп улап кереги жоктур.

Шри-Ланкалык студент Михири Мадхушанки маек учрунда - Sputnik Кыргызстан
Шри-Ланкадан келген студент кыз Кыргызстандын эмнеси жакпай калганын айтып берди
7. Эл алдында сүйлөө – жепжеңил! Бир тойдо жүздөгөн адамдын алдында эч тартынбастан узак каалоо айткан кишиге жанымда олтурган италиялык айым абдан таңданган эле. "Жер жүзүндө миллиондогон адамдар эл алдында сүйлөгөндөн тартынмак. Силер үчүн бул оңой экен. Азаматсыңар!" – деп суктанганын жашырган эмес.

8. Күнү-түнү иштеген дүкөн, ресторан, атургай, банктар. Бул көрүнүш европалыктардын көңүлүн ээлеп, өздөрүндөгү ишканаларга да бул тажрыйбаны кабыл алууну сунушташарын билдиришет. Европада банктарда күнү-түнү көрсөтүлгөн кызмат тургай, дүкөн, ресторандын баары эле дем алышта иштей бербейт.

9. Кыргызстанда төрт мезгилди тең көрөбүз. Дүйнөнүн бардык эле өлкөлөрүндө биздегидей чайыттай күн тийип, же кар калың түшө бербейт. Англиялыктар күнгө күйүүгө жетишерлик болгон саратан маалын бааласа, австралиялыктар биздеги калың карды керемет катары кабыл алышат.

Бармен одного из столичных заведений, иранец Реза Данай - Sputnik Кыргызстан
Ирандык ишкер: чет жактан келгендердин чөнтөгүн какканга маш экенсиңер
Өлкөбүзгө мейманчылаган чет элдиктердин баары мындай ойдо дегенден алысмын, бул жазылгандарды олуттуу кабыл алууга да чакырбайм. Болгону башка маданий тарбиядагы, соңку жылдары Бишкекти көп байырлай баштаган чет элдиктердин пикирин гана топтодум.

Башкаларга окшошпогон жактарыбыз бизди айырмалап турат эмеспи, ал эми ага сырттан салынган байкоо ой толгоого, өзүбүзгө башка кырдан көз салууга көмөк болорун айткым келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0