Бул жолу жеткен ырайымсыздык менен Казакстанда бир нече кишини өлтүргөн алматылык мыкаачы жөнүндө кеп болот. Ал кармалып соттолгон, бирок 80-жылдардын аягында чоң кылмышкерлер кармалчу жайдан жаңылыштык менен чыгарып ийишкен. Кийин киши жегич Ысык-Көл облусунан да изделген.
Адам этинен жасалган манты
Мыкаачы мастыгы менен өз айыбын өзү кокустан ачып алган. Ал курулушта бетон аралаштырып иштеп жүрүп бир күнү жатаканасына досторун чакырып, биринин туулган күнүн белгилешкен. Арактан аябай ичишет. Баары мас болуп калганда меймандардын бири тамактан адамдын тырмагын таап алат да, меймандардын баары чакчелекей түшөт.
"Эмнеси бар экен? Киши этинен манты, чүчбара жеп атасыңар" деп эч нерсе болбогондой сүйлөп жаткан үй ээсин коноктор колун толгоп, милицияга алып келишет. Тергөө узак жүрүп, акыры аны акылынан айныган деп таап, камашкан.
Киши жегич азатта
Совет маалында коомго кооптуу адамдар атайын психиатрдык жайларда кармалчу, аларды "крытка" — "жабык абак" деп коюшчу. Бул да түрмө сыяктуу эле жай болуп, абдан тыкыр кайтарылчу.
"Бейтаптар" сыртка таптакыр чыга алышчу эмес. Байкоо салышчу, изилдешчү, булардын жыйынтыгында күч органдары илимий негизделген психологиялык портреттерге ээ болушчу.
Аны үчүнчү күн дегенде эстеп, чуру-чуу түшөт, бийлик "кимди кое бергениңерди билесиңерби, акылыңар ордундабы?!" деп аябай кыжырданат. Мыкаачыга дароо издөө салынып, көрсөтмөлөр түзүлөт. Ар жерде "киши жегич чыгыптыр" деген кеп дуулдайт.
Тоолорго бекинген канкор
Ал убакта Зеличенко Ысык-Көл облусунун кылмыш иликтөө бөлүмүн жетектечү. Ооруканадан чыгып кеткен мыкаачы Казак жана Кыргыз ССРлерин бөлүп турган Ысык-Көлдүн тоолорунда жашырынып жүрөт деген маалымат келет.
Бир күнү Зеличенконун отурган кабинетине жергиликтүү чабан келип тоодо жашынып жүргөн киши тууралуу айтып берет. Мыкаачыны издей турган аянт аябай чоң эле, андыктан четтен жардам зарыл болчу.
"Мен биз менен бир аймакта жайгашкан аскер бөлүгүнө жардам сурап кайрылдым. Текеберленип, көмөк көрсөтүүдөн баш тартышты. Анан офицерлердин жубайлары аймактагы эң сулуу айымдар экенин эскерттим эле, жардамдашууга макул болду", — деп эскерет Зеличенко.
Операция үчүн гарнизон бир рота, сооттолгон бир нече аскер техника жана бардык керектүү нерселерди бөлүп берди. Киши жегичти бир жумадай издедик. Биз бардык жерди тинтип бүткөнүбүздө киши жегич Ташкентте кармалганы туурасында маалымат келди.
"Темир азуу"
Николай Жумагалиев 1952-жылы Алматы облусунун Узун-Агач айылында туулуп, үй-бүлөдөгү көзгө басар жалгыз уул болуптур. Үч кыздын бирөө табышмактуу жагдайларда жоголуп кеткени айтылат.
Кийинчерээк Алматыга кайтып, өрт өчүрүү кызматына орношот. Кесиптештери Николайдын аялдардын күнөөгө батканын, аларды жазалап туруу зарылдыгын көп айтчу дешет. Темир кийме тиши үчүн "Темир азуу" деген атка да конуптур.
1978-жылы биринчи курмандыгы колуна илинет
"Ошол учурда түшүмө аялдардын кескиленген дене мүчөлөрү көп кирчү. Суудан агып бара жаткан колдорду, буттарды көрчүмүн", — деп айтып берген Жумагалиев.
Бир жолу түн ичинде айылдын жолунан бир кыздын кетип баратканын көрөт. Мыкаачы дароо ага кол салып, таштанды төгүлгөн жерге сүйрөп барат. Мууздап, моокуму кангыча канын соруп алат да, денесин мүчөлөп, үйүнө алып келет. Калган сөөгүн жерге көөмп коет. Этин кууруп, аны менен бир айча тамактанат.
Кийинки жылы "этиятсыздыктан" улам кесиптешин атып өлтүрүп алат да, төрт жылга кесилип кетет. Бирок жакшы жүрүм-туруму, кылмышы үчүн өкүнгөнү үчүн сегиз айдан кийин эркиндикке чыгат.
Жандын денеден бөлүнүп жатканын көргүм келди
Азаттыкка чыккандан кийин Жумагалиевдин баягы ит оорусу кайра кармайт. Кээде кыздар менен таанышып, түнөгөндөн кийин муунтуп же мууздап жатып, анын көздөрүнөн көзүн албай карап турарын кийин айтып берген.
"Мен жандын денеден бөлүнүп чыкканын көргүм келчү", — деген кылмышкер.
Ал жактан чыгып тааныш кызынын үйүнө барат да, аны менен болгон жыныстык катнаштан кийин бир аз сүйлөшүп туруп, мууздап салат. Ошол маалда болуп көрбөгөндөй дүүлүгүп, өлүм алдында жаткан кызды зордуктай берет…
Ал дагы деле тирүү
Жумагалиев бөтөлкөлөштөрүн киши этинен жасалган манты менен тойгузгандан кийин кармалып, психиатриялык ооруканага жаткырылат. Сегиз жылдан кийин ал жактан бошонуп кетет.
Өзбекстандан кармап кайра ооруканага жайгаштырылат. 1994-жылы дарылоочу жайдан расмий чыгып, мекенине кайтарылган Жумагалиевди жердештери жек көрүү менен тосуп алат. Аялдар айланып өтсө, эркектер ачык эле бетине түкүрүп өтүшчү дешет.
Акыркы жолу киши жегич тууралуу казак гезит-журналдары 2016-жылы жазып чыгышты. Журналисттер аны менен маектешүүгө аракеттенип, бирок Жумагалиев мындай өтүнүүлөр "ага кыйын болорун" айтып, интервьюга макул болбой койгон имиш.