БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Бишкек — Балыкчы унаа жолунда унаа кызды сүзүп кетип, айдоочу из жашырып кеткенин күбө социалдык тармактар аркылуу билдирди.
Анын айтымында, жол кырсыгы 14-май күнү болжол менен 18.20лар чамасында болгон.
"Окуя Чым-Коргон айылында болуп, айдоочу ошол жерден качып кетти. Биз үй-бүлөбүз менен Ысык-Көлдөн келе жатып буга күбө болуп калдык. Унаа катуу ылдамдыкта бараткандыктан видеобайкагычтан номерин көрүүгө мүмкүн болгон жок. Окуя болгон жерге кырсыкка себепкер машинанын каптал жагындагы күзгүсү түшүп калган", — деди күбө.
Чүй облусттук Кайгуул милициясынын маалымат кызматы Sputnik Кыргызстандын кабарчысына жабыркаган кыз жаргиликтүү ооруканага жеткирилгенден каза болуп калганын билдирди.
Учурда кылмышка шектүү жаранды издөө иштери жүрүп жатат.