Ольга — Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринин тургуну. Көпчүлүктүн көзүндө болууну каалабагандыктан белгисиз бойдон калууну суранды. Диабетке чалдыккан Ольганын көзү көрбөй, бутун кестирип, үйүнөн чыга албай калган.
"Ири компанияда жетектөөчү кызматта иштедим. Жумушта эми ар кандай болот да, көп учурда жинденип, туталанып, стресс абалында жүрчүмүн. Анан эле дартым өрчүп кетти. Ушундай болорун билсем, мынчалык нерв болмок эмесмин", — деди Ольга.
18 жаштагы Нарбек Анарбеков да сүрөткө түшүүдөн баш тартты. Диабет менен ооруганын жаш жигит төрт жыл мурун өзүнүн туулган күнүндө билген.
Кандагы канттын көлөмүн текшере келгенде нормасынан 5 эсе көп экени аныкталган. Дарыгерлердин айтымында, дартка Ольганыкындай эле стресс себепкер болгон. Эми Нарбек тамактануусуна дыкат көңүл бөлүшү керек.
"Тамактын баарын эле жей берүүгө болот, бирок чени менен. Граммдап санап турам. Таттууну да аябай каалаганда гана жей алам. Суудан башка азыктын баары кантты жогорулатып жиберет экен", — деди жигит.
КМШ мамлекеттеринин Парламенттер аралык ассамблеясынын алдындагы саламаттыкты сактоо боюнча эксперттик кеңештин мүчөсү Марина Шипулинанын түшүндүргөнү боюнча кант диабети уйку бездин инсулин иштеп чыкпай калышынан улам өрчүп кетет.
"Буга экология, туура эмес тамактануу, стресс себепкер болушу мүмкүн. Өзгөчө тукумунда диабетиктер бар адамдар ден соолугуна өзгөчө көңүл бурушу керек", — деди адис.
Анын айтымында, катуу суусоо, тез чарчоо, теринин кургап кетиши кант диабетинин алгачкы белгилери болуп саналат. Кээде аталган оору көпкө чейин билинбей жүрө берет.
"Жабык диабет деген түшүнүк бар. Адам 10-15 жылдан бери диабет менен ооруп, бирок андан эч кабары жок жүрө бериши ыктымал. Анан эле бир күнү инфаркт болуп, же көзү көрбөй калат. Кээде кан тамырлары бузулуп, гангрена башталып кетиши мүмкүн", — деди Шипулина.
Кыргызстандын Диабетикалык жана эндокринологиялык ассоциациясынын президенти Светлана Мамутова өлкөдө жыл сайын кантка анализ тапшырып келгендер анча көп эмес.
"Ушу тапта өлкөдө кант диабетине чалдыккан 55 миң адам каттоодо турат. Бирок булар дарты тууралуу билгендер гана! Биз Жогорку Кеңеште, шаардык кеңеште иликтөө жүргүзүп көрдүк. Көрсө ар бир онунчу кишинин канты өз нормасынан ашык экен", — деди Мамутова.
"Инсулин инъекциялары боюнча эч кандай көйгөй жок, дүйнөлүк өндүрүүчүлөрдөн мыкты сапаттагы дары каражаттарын алып жатабыз. Шприцтер да бекер. Ал эми диабеттин экинчи түрү менен жабыркаган бейтаптар таблеткаларды өз эсебинен алууга аргасыз. Эң арзаны айына 200 сомду түзөт", — деп айтып берди эксперт.
Ошондой эле үй шартында канттын көлөмүн аныктоочу глюкометр менен тест-таякчаларды да сатып алууга туура келет. Негизи мыйзам боюнча алар бекер берилиши керек, бирок мамлекеттин ага кудурети жетпейт. Мындан улам чыгымдын басымдуу бөлүгү бейтаптардын мойнуна түшөт.
"Тест-таякчалардын бир таңгагы 700 сом турат. Ал болгону 10 күнгө гана жетет. Азыр чыгымдын бир бөлүгү бюджеттин эсебинен болуп жатат, бирок мамлекет бир жылда 200 тест-таякчаларын гана сатып алууга жөндөмдүү. Ал эми айрым бейтаптар бир күндө бешөөнү алууга мажбур. Глюкометрдин өзү 100 доллардын айланасында", — деп түшүндүрүп берди Мамутова.
КМШ мамлекеттеринин Парламенттер аралык ассамблеясынын алдындагы саламаттык сактоо боюнча эксперттик кеңештин мүчөсү Марина Шипулина аталган көйгөй постсоветтик айдыңда биргелешип чечилиши керек деген пикирде. Бүгүн, 12-майда Бишкекте КМШ жана Түштүк Европа өлкөлөрүнүн диабетикалык ассоциациялар саммити өтөт.
Анын айтымында, диабет мектептерин ачуу керек, мында дарыгерлер менен медайымдар бейтаптардын тобуна дарт менен кантип күрөшүү керектигин үйрөтөт. Бул аракеттер диабет менен ооруган адамдарга өзүнө ийне сайып, туура тамактануусуна чоң өбөлгө болмокчу.