Ысык-Көл КМШ өлкөлөрүндөгү мыкты курорттордун катарына кирди

Жазылуу
Ысык-Көлдө эс алууга туристтер суткасына орто эсеп менен 75 доллар коротот.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Ысык-Көл россиялык туристтер арасындагы эң популярдуу беш корорттун катарына киргизилди. Бул тууралуу ТурСтат аналитикалык агенттиги билдирди.

Аталган агенттик 2017-жылдын жай айларына карата туристтердин саякатташы үчүн КМШ өлкөлөрүндөгү курортторду аныктаган.

Всемирная акция День очистки водоемов во Владивостоке - Sputnik Кыргызстан
Жээктеги пансионаттар Көлдүн түбүндөгү таштандыларды алып чыгууга милдеттендирилди
Россиялык туристтер арасында КМШ мамлекеттеринин ичинен алдыңкы орунга чыккан курорттор төмөнкүлөр: Бурабай (Казакстан), Ысык-Көл (Кыргызстан), Нарочь (Белоруссия), Ленкорань (Азербайжан) жана Севан (Армения).

Рейтинг мейманканаларды онлайн түрдө брондоонун негизинде чыгарылган.

ТурСтат агенттигинин маалымдашынча россиялык туристтер Бурабай курортуна орто эсеп менен 12 күнгө, Ысык-Көлдө 10 күнгө, Нарочдо 8, Ленкоранда 7, Севанда 3 күнгө токтолушат.

Ысык-Көлдө эс алууга туристтер суткасына орто эсеп менен 75 доллар коротот.

Жаңылыктар түрмөгү
0