БИШКЕК, 11-май. — Sputnik. Бүгүнкү "Тибиртке" рубрикасында улуу манасчы Сагынбай Орозбаковдун айтуусундагы "Манас" эпосундагы эски сөздөрдүн түшүндүрмөсүнө көңүл бурабыз.
Аралжы болуу – ал үчүн курман болуу, же болбосо керек жерден куткаруу.
Аспиеттөө, аспиет тутуу – абдан кадырлоо, аздектөө, аярлоо.
Баймак – жылкынын туягынын жогору, бакайынын төмөн жагындагы ичке жери
Баймактоо – жылкынын бир колунан байлоо
Бакай – жылкынын туягынан жогорку биринчи муун менен жиликтин ашташкан жериндеги топ кыл
Бакалоо – кишини караан тутуу, байырлоо (Бакылоочулар келип кармап кетти деп калышчу…)
Бакыл – сараң, ач көз деген мааниде
Бейлөө – байкоо жүргүзүү, баам салуу
Береленүү – жасануу, көрктөнүү
Боро – эбегейсиз чоң, зор
Бордоку – эт багытында атайы караңгы жерге камалып багылган мал
Булгун – териси баалуу жаныбар
Булдурсун – түшкүндүн учуна уютулуп, коргошун кошулуп өрүлгөн чоң камчы
Бурадар – боордош, курдаш, замандаш деген маанини туюнтат
Данакер – ортомчу, элчи, эки элди бириктирген, урушканды жараштырган киши
Домпуш – басыгы да, жоргосу да жок кашаң ат
Жерик – боюнда бар аялдын талгагы, токсикоз
Жолумдуу – келбеттүү, келишимдүү
Жукуй – анткор, митаам
Идерлүү – кайраттуу, күжүрмөн.