Китеп текчелери парктын Киев — Токтогул жана Токтогул — Москва көчөлөрүнүн ортосуна коюлган.
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Бишкек шаарындагы Эркиндик паркында атайын китеп текчелери пайда болгонун күбө Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp номери аркылуу жөнөттү.
Анын айтымында, китеп текчелери парктын Киев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейин коюлган.
Китеп текчелери парктын Киев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейин коюлган.
"Жайында паркта эс алып отурганда ал жактагы китептерди алып окуганга ыңгайлуу. Китеп текчелеринен "Чыңгызхан", "Батый" сыяктуу тарыхый китептерди тапса болот. Ошондой эле каалоочулар өздөрү да китептерди алып келип койсо болот экен", — деди ал.
Бишкек мэриясы активисттердин бул аракеттери боюнча маалыматты тактап туруп түшүндүрмө берерин айтты.