БИШКЕК, 3-май. — Sputnik. Литванын Неринга шаарынын жетекчилиги көл жээгинде күнгө кактана турган аймактардан төрт жерди атайын эркектерге бөлүп бергендиги тууралуу Lietuvos zinios басылмасына шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Ушул жайдан баштап мындай аймактар Нида, Прейла, Первалка жана Юодкранте пляждарында иштей баштайт", — деп айтылат билдирүүдө.
Басылманын жазганына караганда, шаар бийлиги мындай чечимди Тең укуктуулук кызматынын арызынан кийин кабыл алган. Алар шаарда аялдар жана жылаңачтангандардын атайын пляжы бар болгондуктан, эркектерге тиешелүү дагы аймак болушу керек деп эсептейт.
Ал эми шаардын өзүн-өзү башкаруу администрациясынын жетекчиси Альгимантас Вишняускас аталган кызматтын талабын аткарбаска арга жок экенин белгиледи.
Анын айтаманда, пляжда эркектерге арналган аймакты ишке киргизүүгө көп каражаттын кереги жок.
Бирок документтерди тууралоого көп убакыт талап кылынышы мүмкүн.