Окумуштуу, футболчу, коомдук ишмер Кайып Оторбаев тууралуу кызыктуу 6 факты

© Фото / пресс-служба НАН КРАкадемик, экономист и географ Каип Оторбаев
Академик, экономист и географ Каип Оторбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өмүрүн илимге, спортко жана коомдук иштерге арнаган Кайып Оторбаев бүгүн тирүү болгондо 95 жашка чыкмак.

География илимдеринин доктору, академик Оторбаевдин басып өткөн жолу көпчүлүк адамдарга өрнөк боло алат. Татыктуу уул, шакирттерди тарбиялаган илимпоз тууралуу Sputnik Кыргызстан кызыктуу алты фактыны сунуштайт.

Доктор медицинских наук, профессор, врач-терапевт Мирсаид Миррахимов - Sputnik Кыргызстан
Өмүрүн медицинага байлаган Мирсаид Миррахимов тууралуу кызыктуу 7 факты
Өз арабасын өзү тарткан инсан. Кайып Оторбаев 1922-жылы 22-апрелде Кемин районунун Тегерменти айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Ал беш жашында жетим калып эжеси Акима Оторбаеванын колунда өскөн. Жети жашында Фрунзе шаарындагы №1 орто мектебинин босогосун аттап, жетинчи классты 1936-жылы аяктаган. Кийин Фрунзе коммуналдык-курулуш техникумун бүтүрүп, куруучу болуп эмгектенген. 1941-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунда билим алып жүргөндө согуш башталып, декабрь айында согуш майданына аттанган. Согуш аяктагандан соң Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтунун өтүп, аны артыкчылык менен бүтүргөн. Мунун аркасында 1950-жылы СССРдин Илимдер академиясынын география институтуна аспирантурага тапшырган.

Бири-бирине жөлөк болгон түгөйлөр. Окумуштуунун жубайы Мария Нанаева докторлугун жактоо үчүн Төө-Ашуудагы лабораторияда изилдөө ишин жүргүзгөн. Анын илимий ишин алга жылдырууга жолдошу дайым колдоо көргөзүп турган. Эң кызыгы, Кайып Оторбаев жети жыл бою ар бир жума сайын колуктусун Төө-Ашууга унаа менен алып барып келип турган. Учурда Мария апа 90 жашка чыгып бактылуу карылыкты балдардын маңдайында өткөрүүдө.

Илимдин аркасынан кеткен үй-бүлө. Кайып Оторбаевдин колуктусу Мария Нанаев дагы илимдин аркасынан түшүп, көптөгөн ийгиликтерге жеткен окумуштуу. Ал Кыргызстандын Эмгек сиңирген дарыгери, медицина илимдеринин доктору. 60 жылдан ашык агартуучулук тармагында эмгектенген. Кайып Оторбаев болсо өмүрүнүн аягына чейин Улуттук илимдер академиясында иштеп, 400дөй илимий эмгекти, 40 ашык монография жана китептерди жазып, алар англис, француз, немис жана испан тилдеринде жарыяланган. Андан сырткары ал илимдин беш докторун жана 20дан ашык кандидатын тарбиялаган.

Один из самых престижных французских университетов Коллеж де Франс в Париже - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык окумуштуу Франциянын падышалык колледжинде лекция окуйт
Өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон окумуштуу. Академик,СССРдин Географиялык коомунун ардактуу мүчөсү Кыргызстандын экономикалык көйгөйлөрүн чечүүдө өзгөчө салым кошкон. Ал алгачылардан болуп экономикалык география, өндүрүш күчтөрүн жана жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу жана өнүктүрүү боюнча изилдөөлөрдү иштеп чыккан. Анын эмгектеринин аркасында союз учурунда өлкөнүн 15 жылдыгына пландалган иш-аракеттери такталган. Мындайча айтканда, өлкөнүн VIII, IX жана X беш жылдыктарында жасай турган иштери бекитилген. Окумуштуу Кыргызстандын аймактык экономикасын калыптандыруудагы көрүнүктүү илимпоздордун бири.

Сыймыктуу уулдарды атасы. Улуу Ата мекендин согушта курал-жарак жана взводдун командири, "Кызыл Жылдыз" орденинин ээси балдарына татыктуу тарбия бере алган. Уулдары атасы Кайып Оторбаев менен энеси Мария Нанаева сыяктуу илим чөйрөсүндө өз ордун таба алышты. Ата-энелердин 60 жылдан ашык биргелешкен өмүрүндө эки уулду тарбиялап өстүрүшкөн. Улуусу Чагатай энесинин жолун менен кетип медицина тармагында эмгектенип келет. Экинчи уулу Жоомарт Оторбаев Ленинград мамлекеттик университеттин артыкчылык менен аяктап физика-математикалык илимдеринин докторлугун жактаган. Иш билги адис катары көптөгөн эл аралык уюмдарда жана аткаруу бийлигинде иштеп, Кыргызстандын премьер-министрлиги болуп эмгектенди.

Футбол жана Оторбаев. Жаш кезинен футболду мыкты ойногон, студент кезинде Кайып Оторбаев "Спартак" футбол командасынын курамындагы алгачкы кыргыз болгон. Чабуулда ойногон футболчу андан соң, Кыргызстандын курама командасында көп жыл өлкө намысын коргогон.

Жаңылыктар түрмөгү
0