БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" өткөрүү пункту ачылгандыгы тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Эске салсак, аталган өткөрүү пункту 18-апрель күнү Кытай тараптын демилгеси менен жабылган. Кошуналар аталган жол тилкесин оңдоп-түзөө үчүн жаап жатканын маалымдаган.
Кытай тарап өз аймагындагы жолду оңдоп бүтүп, кыргыз чек арачылары "Торугарт" көзөмөл пункту аркылуу унааларды өткөрө баштады.