БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Курманбек айыл аймагында жер көчтү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, 17-апрель күнү саат 12:30дар чамасында Таран-Базар айылында көлөмү 192 миң метр куб болгон жер көчкү түшүп, ал 12 турак үйгө 300 метр жетпей токтоп калган.
Көчкү түшкөн жерге ӨКМдин райондук бөлүм башчысы жана айыл өкмөт жетекчиси тактоо иштерин жүргүзүп, натыйжада 12 турак жайдын жашоочулары туугандарыныкына көчүрүлдү.