Кубан Чороев: мамлекеттик ипотека элдин муктаждыгын чечпейт
"Жеткиликтүү турак жай 2015-2020" программасынын алкагында берилип жаткан ипотекалык кредиттер карапайым элдин муктаждыгын чечүүгө жарабайт деген пикирин Sputnik Кыргызстан агенттигине экономист Кубан Чороев билдирди.
"Шарт боюнча мамлекеттик ипотеканы ала турган үй-бүлөлөрдүн киршеси 30-35 миң сомдон жогору болушу керек экен. Менимче мындай кирешеси бар адам коммерциялык ипотекаларды деле ала алат", — деди Чороев.
Анын айтымында, бул программа бюджеттик кызматкерлерге деп аталганы менен колунда бар адамдарга ылайыкталып калган.