Ак илбирсти аткандарга 1,5 миллион сом айып салуу сунушталып жатат

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүМосковскому зоопарку - 150 лет
Московскому зоопарку - 150 лет - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпысынан айбанаттардын, канаттуулардын жана сойлоп жүрүүчүлөрдүн 68 түрүн мыйзамсыз аткандарга айып пулду көбөйтүү пландалууда. Алардын 51и Кыргызстандын Кызыл китебине кирген. Андан сырткары, айып пулдун үчтөн бир бөлүгүн браконьерлерди аныктаган егерлерге бөлүү сунушталууда.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Кыргызстанда браконьерлерге карата айып пулду көтөрүү сунушталууда. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги тарабынан иштелип чыккан өкмөттүн токтому коомдук талкууга коюлду.

Топ-10 самых редких и исчезающих видов животных Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Кумтөр жайлоосунда ээн-эркин жүргөн аркар-кулжалардын видеосу
Документтин негиздемесинде айтылгандай жаңы айып пулдун көлөмүн аныктоодо жапайы жаныбардын түрү, сейрек кездешкени, баасы, эндемикалык статусу жана башка параметрлери эске алынган.

Ошондой эле браконьерчиликти аныктап, каттоого алган егерлерди акчалай сыйлоо жагы да каралган.

Айып пулдун көлөмү өлтүрүлгөн жапайы жаныбарга жараша аныкталат. Мисалы, илбирс аткандарга 500 миң сомдон 1,5 миллион сомго чейин, аркарды мыйзамсыз аткандарга 400 миң сомдон өйдө айып салынат.

Андан сырткары, чет элдиктердин мыйзамсыз аткан учурлары катталса айып пулду үч эсе көбөйтүү каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0