00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
14:55
5 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
17:04
42 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
2 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
7 мин
Тема дня
Ремонт дорог, новые виды транспорта и смог — интервью с мэром Бишкека Айбеком Джунушалиевым
18:08
57 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Стоп-кадр
Айым режиссерлордун VI форуму кандай жыйынтыкталды?
19:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Личный интерес
Безопасность СНГ: ветеран спецслужб о ключевых решениях заседания ОДКБ
20:07
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
“Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы 2024-жылы 497 миллион сом каражат үнөмдөдү
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Сабыр Жумабеков атын жамынып дары саткандардын үстүнөн арыз жазды

© Sputnik / Нургуль МаксутоваДиректор Научно-исследовательского центра травматологии и ортопедии, профессор, ортопед Сабырбек Джумабеков. Архивное фото
Директор Научно-исследовательского центра травматологии и ортопедии, профессор, ортопед Сабырбек  Джумабеков. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Академик бул шылуундуктун кайырмагына Кыргызстандан сырткары Казакстандан да жарандар илингендигин жана академиктин өзүнө телефон чалган учурлар болгондугун айтты.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Интернетте белгисиз бирөөлөр ар кыл майларды, кремдерди, дарыларды анын атын жамынып жарнама кылып жаткандыгын айткан академик, ортопед Сабырбек Жумабеков кыргыз коомчулугун андай алдамчыларга ишенбөөгө чакырды. Бул туурасында дарыгер өзү Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди.

"Интернет аркылуу менин атымды жамынып, сүрөтүмдү коюп алып, ар кандай дары-дармектерди, крем, майларды реклама кылып жатышканын жакында эле уктум. Айтарым, буга эч кандай тиешем жок. Дары-дармектерди жасаган завод-фабрикам, компаниям да жок. Булар менин атымды жамынган алдамчылар, шылуундар", — деди Жумабеков.

Академик бул шылуундуктун кайырмагына Кыргызстандан, Казакстандан жарандар илингендигин жана академиктин өзүнө телефон чалып сураган учурлар болгондугун айтты. Ал эми нарындык аксакал ал тургай бир топ акчага буюртма берип ийиптир.

Сөөл менен денеге чыккан безеткиден дарылоочу каражат сунуштаган сайт - Sputnik Кыргызстан
Сөөл менен безеткиден "арылткан" дарыларды рекламалаган сайттар. Чындыгы барбы?
"Дагы бир мисал, Нарындагы композитор тааныш байке бар эле, ал бүгүн чалып, мага рахматын айтып, 9 миң сомго дарыларга буйуртма берип койгондугун билдирди. Сүйүнүп алыптыр. Мен байкеге окуянын чоо-жайын түшүндүрүп, ал кишилер келсе, Финансы полициясына кармап берүүсүн айттым", — деди Жумабеков.

Ал жалпы коомчулукка кайрылып, алдамчыларды табууга жардам берүүнү да суранды. Академиктин айтымында, кандай дары-дармек болбосун, Кыргызстанга келгенде Дары-дармек департаментинен текшерилип, клиникалык сыноодон өткөндөн кийин гана медицинада колдонулат.

Жумабеков жиптин учугу табылгандыгын айтып, тартип сактоочуларга ишеним артты.

"Булардын сайтын таптык, Россияда жасалыптыр. Ал тургай менин атымдан интервью да жасашыптыр. Мунун баарын тартип коргоо органдары, Финансы полициясы текшерип аягына чыгат деген үмүтүм бар", — деди ал.

Эске салсак, сөөл менен денеге чыккан безеткиден бир заматта арылтып жиберчү каражат сунуштаган сайтта аларды Саламаттыкты сактоо министри өзү баштап реклама кылган сайт туурасында Sputnik Кыргызстан иликтөө материалын жарыялаган. 

Анда министр дарыгерлердин эч кимиси эч нерсе жарнама кылбагандыгын айткан. Кызыгы, ал сайтта атактуу хируг Мамбет Мамакеев онколог, ал эми онкология борборунун директору Төлө Исаков дерматологго айланып кеткен.

Ал эми Сабырбек Жумабеков чыккан сайтта анын фамилиясы "Адамбаев" деп жазылып турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0