"Кыргызстандык дарыгер: сөөлдөн 9 күндө арылуу, бул үчүн болгону…" сыяктуу жарнамаларды көңүл ачуучу бардык интернет-порталдардан кездештирүүгө болот. Мындай баннерди кайып өтүп кетүүгө мүмкүн эмес: тааныш жүздөр, ал тургай КР министри да турса, сайтка өзүңдөн өзүң эле кирип кетесиң.
Шилтеме Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин расмий порталына коендой окшош сайтка алып барат, анда да дареги дыкат ойлонулган — minzdrav.kg.actual-blogi.ru.
Ошол эле катарда Оорунун алды алуу департаменти жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиялык көзөмөлдүн директору Төлө Исаковдун да "пикири" турат. Баса, анын кызматы да бир аз өзгөрүп кеткен, директордон Исаков эмнегедир дерматолог, анан башкы дарыгер болуп калган. Ал дагы дарынын шумдуктуудай "касиетин" айтып түгөтө албай убара. Маалыматтын ишенимдүү болушу үчүн авторлор "Саламаттык сактоо министрлигинин сурамжылоосун" да кыстыра кетишкен, ага ылайык, мекендештердин 47 пайызы дарыдан улам сөөл менен безеткиден тумтак айыгып кеткен имиш.
Жазылгандарга ишенсек, дары Кыргызстанда иликтөөдөн өткөн.
"Изилдөө ар бири 100 кишиден турган үч топко жүргүзүлгөн. Биринчиге терисине өсүндү чыккан адамдар, экинчиге калы барлар, үчүнчүгө сөөлү көп кишилер кирген. Кардарлар күнүгө аталган дарыдан жабыркаган жерине үч тамчыдан тамчылатып, 50 миллилитр сууга беш тамчы дары аралаштырып ичишкен. Иликтөөнүн мөөнөтү аяктаганда дээрлик бардык адамдар таза айыгып кетишкен", — жазылат маалыматта.
Мындан тышкары, иликтөөгө катышкандар безеткиден да арылган имиш. Ошол эле убакта бул "сыйкырдуу" каражаттын эч кандай терс таасири байкалбайт экен: авторлордун айтымында, дары чөп-чардан даярдалат.
Дарыгерлер айран-таң
Улуттук онкология борборунун директору Эрнис Тилеков аталган сайтты көргөнүн айтып, андагы жазылгандар "былжыраган сөз" экенин белгиледи.
"Кыргызстанда эч кандай изилдөө өткөн эмес. "Онколог" болуп калган Мамбет Мамакеев бул сайтты көрүп алып, образдуу айтканда эси ооп калды. Бул адамдар жөн гана кадырлуу дарыгерлердин атын пайдаланып жатышат", — деди ал.
Тилеков медиктер негизинен эле мындай салттуу эмес медицинага этияттык менен мамиле кыларын белгиледи.
Товарды "жарнамалагандардын" бири Төлө Исаков да сайттагы маалыматка эч кандай тиешеси жок экенине токтолду.
"Мен эч качан дерматолог болгон эмесмин. Бул дары тууралуу да эч нерсе жазган эмесмин", — деди дарыгер.
Сатуучу менен маек
Сайтта бир да телефон, бир да дарек көрсөтүлбөптүр. Андыктан бул дарыны заказ кылууну туура көрдүм. Бул үчүн электрондук бланкага атыңды, анан телефон номериңди жазуу жетиштүү экен. Бир сааттан кийин мага телефон чалышты.
Өзүн Андрей деп тааныштырган киши алгач менин "оорум" тууралуу сурады. Көрсө, ар кандай дартка дарылоонун ар кандай түрлөрү сунушталат экен. Андрей телефон аркылуу консультация бермей болду.
"Дарыны ичип, анан жабыркаган жерлерге сүйкөп пайдаланса болот. Иммундук системаңызды калыбына келтирип, хирургиясыз эле өсүндүлөрдү жок кылат", — деди сатуучу.
Терс таасирлеринин жок экенин дагы бир жолу тактап алып, "чабуулга" өттүм.
— Эмне үчүн Мамакеевди онколог деп жазып койгонсуңар, ал хирург да?! Төлө Исаков да дерматолог эмес…
— Мен тактайынчы. Жаңылыштык кетип калган окшойт… кесибин өздөрү жазышты эле…Балким, бир адистикке тапшырып, кийин башкасын тандап алгандыр.
— Алар өздөрү бул маалыматтан баш тартып атышпайбы?
— Кандайча? Алгач өздөрү айтып, анан эч нерсе айткан эмеспиз деп жатышабы?
— Ооба…
— Асел, КМШ мамлекеттеринин базарына чыгуу үчүн алгач дары ушул тармактагы адистердин катышуусу менен иликтөөдөн өтөт. Бейтаптар тандалып алынат. Жыйынтыгы билинген соң, дарыгерлер аны сатууга уруксат берет.
— Бишкектеги иликтөө кандайча өттү эле?
— Мен аны сизге айта албайм.
— Бул жакта сиздердин өкүлчүлүк барбы?
— Жок, кампа гана бар. Товарды сизге курьер алып келип берет.
— Бул деген дары да!
— Жок, дарыларда химия бар, биздин продукт табигый таза.
— Москванын кайсы жериндесиңер деги?
— Дарегибизди айтууга милдеттүү эмеспиз…
Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев дары каражаттарынын баары жөн гана байкоодон эмес, лабораториялык иликтөөдөн өтүп, натыйжалуулугу тастыкталышы керек экенин белгиледи.
"Дарыгерлерге мындай нерселерди жарнамалоого тыюу салынат! Бул кайсы бир компаниянын кызыкчылыгын көздөө болуп саналат да. Дарыгерлердин эч кимиси эч нерсе жарнамалаган эмес", — деп нааразы болду министр.
Мындай рекламалык кампаниялардын капканына доктурлар эле эмес, айрым кыргызстандык жылдыздар — Айгерим Расул кызы, Айжан Асемова, Айгерим Назар жана башкалар да туш болот. Арыктоонун жолун жана акча табуунун жаңы ыкмаларын "сунуштаган" кыздар буга эч кандай тиешеси жок экенин айтып келишет.
"Ал сайттарды көрдүм, бирок ким жасаганын билбейм. Ал жакта жети жыл болгон сүрөт коюлуп турат", — деди Назар.
SMM-компаниясынын директору Светлана Марголис рекламанын мындай ыкмасы Европанын дээрлик бардык жеринде иштеп келгенин, Кыргызстанда жаңы гана пайда болгонун белгиледи.
"Көңүл ачуучу сайтка кирген адам сиздин өлкөгө байланыштуу рекламага туш болот. IP-дарек аркылуу сиздин дарегиңиз такталып, тааныш өң менен сизди кызыктырууга аракет жасалат", — деди Марголис.
Адис мындай ыкманы мыкты психологдор пайдаланарын кошумчалады.
Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевдин маалыматы боюнча бул көйгөйдү медициналык компания, дарыкана, доктурлар менен медициналык техника каттоого алынган автоматташтырылган система чечиши мүмкүн. Жакын арада базага Кыргызстанга киргизилген дары-дармек тууралуу маалыматтын баары камтылат.
"Адамдар өз ден соолугуна жоопкерчиликтүү мамиле жасашы керек, лицензия талап кылгыла, сактоо мөөнөтүнө көңүл бурууну унутпагыла", — деди Батыралиев.
Министрдин айтымында, ал укук коргоо органдарына тийиштүү арыз менен кайрылган.
"Институт Медиа Полиси" коомдук фондусунун медиаэксперти Надежда Алишева соттон утуп алуу мүмкүнчүлүгү бар экенин айтып берди.
"Сүрөтүңүздү пайдаланганы үчүн жана кадырыңызга шек келтирүүчү маалымат үчүн деп эки арыз менен сотко кайрылууга болот. Экөө Жарандык кодекстин эки башка беренеси. Эгер сиз утуп алсаңыз, же маалыматты төгүндөөнү же өз пикириңизди жарыялоону талап кылууга укуктуусуз. Буга кошумча келтирилген моралдык зыян үчүн компенсация төлөтүп алууга укугуңуз бар", — деди Алишева.
Анын айтымында, компенсациянын көлөмү мыймам чегинде аныкталган эмес. Бирок бул учурда жабырлануучу моралдык жактан зыян тартканын далилдеп бериши керек, мисалы, медициналык маалымдама керектелиши мүмкүн. Юрист башкысы — арызды кимге каршы жазуу керектигин билүү керек экенин белгилейт. Болбосо ал кабыл алынбай калышы да толук ыктымал.