Академик, ортопед Сабырбек Жумабеков социалдык тармактарда, интернетте медициналык ар кыл майларды, дарыларды анын атынан жарнама кылгандарды табуу үчүн Финансы полициясына арыз жазгандыгын билдирди. Бул туурасында Жумабеков Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди.
"Интернет аркылуу менин атымды жамынып, сүрөтүмдү коюп алып, ар кандай дары-дармектерди, крем, майларды реклама кылып жаткандарга эч кандай тиешем жок. Алар алдамчылар, шылуундар", — деди Жумабеков.
Жумабеков жалпы коомчулукка кайрылып, алдамчыларды табууга жардам берүүнү сурады.
"Менин атымды кошо айтып дарыны сунуштаса же кайрылса, дароо Финансы полициясына билдириңиздер деп айтар элем", — деди Жумабеков.
Ал тартип коргоочулар бул сайт Россияда жасалгандыгын аныктаганын кошумчалады.