БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Бишкектин түштүк тарабына электр жарыгы толугу менен берилгенин "Кыргызстандын Улуттук электр тармагы" компаниясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Буга чейин аталган аймакта свет жок болгондуктан, жол чырактар дагы иштебей тургандыгы айтылган.
Аталган компаниядан "Восточная" подстанциясында "Бишкек жана Ош шаарларын электр энергиясы менен камсыз кылууну жакшыртуу" долбоорунун алкагында оңдоо иштери болгонун айтышты.
"Ремонт иштери түн ичинде аткарылган. Эртең менентен баштап абоненттерге электр жарыгы кезеги менен бериле баштады", — деп айтылат билдирүүдө.
"Түндүкэлектр" ишканасынын маалыматына караганда, аталган подстанция Медеров, Ахунбаев, Байтик баатыр жана Юнусалиев көчөлөрүнүн аймагын тейлейт.