БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Баткен шаарында облустук, райондук, шаардык мекеме ишканалардын кызматкерлери алыстыкка чуркоо боюнча мелдешти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Аталган спорттук иш чара "Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин", "Бүткүл дүйнөлүк ден-соолук" жана "7-апрель элдик революция" күнүнө карата Адеп, ыйман жана маданият жылынын алкагында өткөн.
Катышуучулар үч чакырым аралыкка чуркап күч сынашты. Баткен облустук Жаштар иши, дене тарбия жана спорт башкармалыгы билдиргендей, иш-чаранын негизги максаты жаштарды патриоттуулукка тарбиялап, кылмыштуулуктан алыстатуу жана сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу болуп саналат.
Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар берилди.