БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Бишкекте мэрдин кубогуна арналган өспүрүмдөр аралык хоккей боюнча мелдеш башталды. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, иш-чаранын салтанаттуу ачылышына вице-мэр Айгүл Рыскулова, мэриянын дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Ырысбек Мааткабылов жана башка адамдар келип катышты.
"Турнирде Кыргызстан, Казакстан жана Россиядан жалпы 8 команда ат салышат. Ал эми катышуучулар 11 жана 14 жаштагылар болуп эки курактык тайпага бөлүнүп алып ойношот", — деп жазылат маалыматта.
Мелдеш 5-апрелден 7-апрелге чейин уланат.