БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Кыргызстанда мал көмүлгөн жерди жайыт катары пайдалангандарды айыпка жыгуу сунушталып жатат. Административдик кодекске киргизилүүчү өзгөртүүлөр коомдук талкууга коюлду.
Мында ЕАЭБ органдарынын текшерүүсүнө ылайык, өкмөт республикадагы эпизоотикалык абалды көзөмөлдөө системасын иретке келтирүүдө тийиштүү деңгээлде активдүүлүгүн көрсөтпөй келет.
"Мал көмүлгөн жерди жайыт катары пайдалангандар беш миң сом өлчөмүндөгү айып тартат. Ветеринардык-санитардык, биологиялык калдыктарды жок кылуу эрежелерин бузган жеке жактар беш миң сом, юридикалык жактар жана кызмат адамдары 10-15 миң сом айыпка жыгылат", — деп айтылат мыйзам долбоордо.
Демилгечилер азырынча Кыргызстанда мал-жандык көмүлгөн жерге мал жайгандар үчүн эч кандай жаза каралбаганын белгилешүүдө.