БИШКЕК, 28-Мар. — Sputnik. Авто унаа менен милиция кызматкерин сүзүп кеткен УКМКнын кызматкери үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстандын кабарчысына Башкы прокуратурадан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, учурда тергөө ишин Бишкек горнизондук прокуратурасы жүргүзүүдө. Ал эми шектүү Аскер сотунун чечими менен бошотулган.
"Тергөө иши менен Бишкек горнизондук прокуратурасы алектенүүдө. Аскердик сот кылмышка шектүүнү үй камагына бошотту. Тергөө уланууда", — дешти маалымат кызматынан.
Эске сала кетсек, АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин жанында 6-мартта жол кырсыгы катталган. Анда УКМКда иштеген жаран милиция кызматкерин сүзүп кеткен, түрдүү жаракат алган милиционер ооруканага жеткирилген. Кырсык болгондон кийин жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгы боюнча автоунааны айдап жүргөн УКМКнын 9-бөлүмүндө иштеген жаран мас болгондугу аныкталган.