БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Ош аймагында облустук патрулдук милиция бөлүмү тарабынан уюштурулган "Үгүт, жүрүш — 2017" иш чарасы өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу облустук патрулдук милиция бөлүмүнүн башчысынын орун басары Маданбек Кубатов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Иш-чара учурунда жол кырсыгына кабылган унааларды жүктөп алып, Өзгөн, Кара-Суу, Араван жана Ноокат райондорунун аймагында элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
"Жыл башынан бери Ош облусунда 111 жол кырсыгы катталып, 196 адам ар кандай жаракаттарды алды. Ошондуктан, жол кырсыктарынын санын кыскартуу, айдоочуларды жол эрежесин сактоого чакыруу максатында үгүт иштерин өткөрүп жатабыз", — деди Кубатов.
Анын айтымында, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жол кырсыгынан улам каза болгон жарандардын саны 30 пайызга кыскарды. Тагыраак айтканда, 2016-жылдын баштапкы үч айында жол кырсыгынан 20 адам каза болсо, бул жылдын үч айында 16 адам көз жумду.