Кыргызстанда аскаларды багындыруу сырларын үйрөткөн курстар жок. Ошого карабай, алдына койгон максатынан кайтпай, бизге келген чет элдиктерден сабак алып жүрүп альпинизмге баш-оту менен кирип кеткен Гүлбара Sputnik Кыргызстан агенттигине маек берди.
—Гүлбара, Кыргызстанда альпинизм менен алектенген кыз-келиндер аз болсо керек? Мисалы сиз мен таанышкан биринчи альпинистсиз.
— Туура айтасыз, биз өтө эле азбыз. Кызыгы ушул убакка чейин бир дагы кыргыз улутундагы альпинист кызды кезиктире элекмин. Машыктыруучуларым деле "альпинизмге кызыгып, алектенген жалгыз кыргыз кызы сенсиң" деп айтып калышат.
—Бизде альпинизмге үйрөткөн атайын курстар жок турбайбы, сиз тоого чыкканды кайдан үйрөндүңүз эле?
— Ооба, бизде эч ким үйрөтпөйт, болгону Альпинизм федерациясы бар. Бишкекте "СКИФ-Политех" деп аталган альпинисттер жамааты түзүлгөн. Булардын катарына кышында Кан-Теңири, Жеңиш чокуларына барган күчтүү альпинисттер кирет. Бирок алар атайын сабак беришпейт. Чет өлкөлүк конокторго гид катары кызмат көрсөтүшөт.
—Анан сиз тоого чыкканды кайдан үйрөндүңүз?
—Негизи эле тоолорго кандайча кызыгып калдыңыз эле?
— Атам геология, география жаатында адис. Кичине кезимде үйдө карталары, глобусу, таап келген таштары көп болор эле. Аларды кармалап, аралашып жүрүп эле кызыгып кеттим.
— Кыргызстанда кыздарга ылайыктуу альпинизм шаймандары оңой эле табылабы?
— Бишкекте 2-3 спорт дүкөндөрүнөн керектүү нерселерди тапса болот. Анын үстүнө кыздарга арналгандарына суроо-талап аз болгондуктан, башка өлкөлөргө салыштырмалуу алда канча арзан. Бирок 37-38-өлчөмдөгү бут кийимдер табыла бербейт. Ошондуктан чет өлкөдөн заказ менен алдырууга аргасызмын.
—Кыргызстандагы кайсы чокулар сизге өзгөчө таасир калтырды?
—Башка өлкөлөрдүн аймагындагы тоолорго чыктыңыз беле?
— Жумушума байланыштуу изилдөө иштери боюнча Казакстан, Тажикстанга барып, өзүмө ылайыктуу тоолорду караштырып койгом. Бирок чыгып көрө элекмин. Быйылкы жайда Эльбурс чокусуна чыгууну пландап жатам.
—Асканын туткунунда калган учурлар болдубу?
— Бир жолу Адигинеге үч адам болуп чыкканбыз. Чокуга аз калганда, бороон-чапкын башталып, жол көрүнбөй калса болобу. Бир заматта эле жанымдагы эки адамды жоготуп алдым. Бирок ага да карабай ушунча келгенден кийин аягына чейин жетейин деп чыгып кеттим. Карасам сүткө түшүп кеткендей эле, айланада эч нерсе көрүнбөйт. Эмне кыларымды билбей жарым саатча ошол жерде отура бердим. Тоңуп калганымды айтпагыла. Бактыга жараша, бир убакта күн ачылып, жол көрүнүп калды. Жерге түшсөм, тиги эки адам чокуга жетпей эле түшүп кетишкен экен. Ошондон кийин коопсуздукту биринчи орунга коюп калгам.
—Мындай кооптуу иш менен алектенгениңизге ата-энеңиз каршы эмеспи?
—Кайсы чокуну багындырсаңыз, иштин өтөсүнө чыктым деп эсептээр элеңиз?
— Альпинисттер үчүн "Жети чоку" деп аталган программа бар. Бул жети континентте жайгашкан эң бийик чокуларга чыгып келүү. Биринчиси Непалда жайгашкан Эверест, экинчиси Түштүк Америкадагы Аконкагуа, Түндүк Америкадагы Денали, Африка материгиндеги Килиманджаро, Европадагы Эльбурс, Антарктидадагы Винсон массиви жана Австралиядагы Косцю́шко. Бирок быйыл Ленин менен Хан-Тенгри чокуларына чыксам деп турам. Болгону жакшылап даярданып, каржы маселесин чечип алышым керек.
—Каржы деп калдыңыз, Кыргызстанда чокуга чыгууга канча акча кетет?
— Ала-Арчадагы чокуларга чыгып келүү арзан эле. Ал эми Ленин чокусуна чыгуу үчүн эки миң доллар керек. Анткени ал жак коммерциялашып кеткен. Бир жерге токтоп палатка тигүүгө, тамактанууга дагы акча төлөнөт. Мындан тышкары, коопсуздук баракчасын алуу керек. Өзүңүз чыгып келсеңиз арзанырак, ал эми гид жалдасаңыз кымбатка турат. Хан-Тенгри тоосуна басып барам десеңиз 2-2,5 миң доллар, вертолет менен андан кымбат. Караколдо беш миң метрден бийигирээк үч чоку бар. Аларга 100-150 доллар керектелет. Анткени эч кимге эч нерсе төлөбөй эле, керектүү нерселерди, тамак-ашты алып алып чыгып кетсе болот.
—Альпинисттер кандай ырым-жырымдарды карманат?
— Өзүм ырымдарга ишенбейм. Бирок Гималай кырка тоолоруна, Непалдагы бийик чокуларга чыгуу үчүн альпинисттер өз ишенимине жараша ар кандай ырымдарды кылышат. Анткени айрым чокулар кандуу деп айтылат. Аларга чыгуу үчүн альпинисттер Кудайга жалынып, ырымдарды кылышат. Мен тоого чыгарда ар дайым жакшы нерселерди ойлонууга аракет кылам.
—Альпинисттер арасында "Тоолор бардык эле адамдарга койнун ача бербейт" деген сөз бар экен…