Кыргызстан жакыр 50 өлкөнүн катарына кантип кирип калганын министрлик түшүндүрдү

© Sputnik / Табылды КадырбековПроблема детского труда в Кыргызстане
Проблема детского труда в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Global Finance каржы басылмасы рейтингди Эл аралык Валюта фонду менен ИДПнын көлөмүнө карап түзгөн. Адистердин айтымында, кыргызстандыктар той-топурларга эле 1-2 миллиард доллар сарптайт. Эгер бул көрсөткүчтөр дагы эске алына турган болсо рейтинг башкача болуп калышы мүмкүн.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Американын Global Finance каржы басылмасы Кыргызстанды 148-орунга коюп жакыр өлкөлөрдүн катарына киргизген рейтинги туура эле. Бирок алар ички дүң продукциянын жан башына болгон көлөмүн гана эсептеп коюптур. Бул тарабынан алганда маалымат так эмес болуп калган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Экономика министрлигинин алдындагы Макроэкономикалык саясат башкармалыгынын жетекчиси Насирдин Шамшиев билдирди.

Эске салсак, аталган каржы басылмасы түзгөн рейтингде Кыргызстан алты орунга артка жылып 148-орунду ээлөө менен 50 жакыр өлкөнүн катарын толуктаган.

"2015-жылы өлкөдөгү жакырчылыктын деңгээли 1,5 пайызга өсүп кетти. Бул сомдун долларга карата наркы менен түшүндүрүлөт. Себеби 2015-жылы баалар заматта өскөн", — деди Шамшиев.

Ал ошондой эле ИДПнын былтыркы көлөмү дагы кыйла төмөндөгөнүн билдирди.

Завод по производству молочной продукции ОАО Ак-Сут - Sputnik Кыргызстан
"Акун", "Шер", "Шин-Лайн" компаниялары салыктан эмнеге бошоду? Министрликтин жообу
"2014-жылы ИДПнын жан башына болгон көлөмү 1331 доллар болсо, 2016-жылы 1133,6 долларга түшүп калды. Бул дагы сомдун долларга болгон наркы менен түшүндүрүлөт. Эгер ИДПны улуттук валютада эсептей турган болсок, тескерисинче бир аз өсүш байкалат. Мисалы 2014-жылы ИДПнын ар бир адамга болгон көлөмү 71,8 миң сом болсо, 2016-жылы 78,7 миң сомду түздү", — деп билдирди Шамшиев.

Экономисттин айтымында, бир адамдын бир жылдык кирешеси 31573 сом болсо — жакыр, ал эми жылдык кирешеси 18234 сомду түзсө өтө жакыр болуп эсептелет.

"Аталган каржы басылмасы рейтингди Эл аралык Валюта фонду менен ИДПнын көлөмүнө таянуу менен гана чыгарып коюптур. Алар башка багыттарды эске алса жыйынтык бөлөк болмок", — деди Шамшиев.

Ал белгилегендей калктын 2014-жылдагы кирешеси 278 миллиард сомду түзсө, 2015-жылы 291 миллиард сомго жеткен.

Баткендин кичи көчөлөрүнүн биринде. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баткенде жакырчылыктын деңгээли 33 пайызды түзөт
"Бизде кирешелер жогорулап, чет өлкөдөн мигранттар тарабынан которулган каражаттын көлөмү дагы өстү. Ошондой эле өлкөдө миллиондон ашык үй-бүлө болсо дээрлик бир миллионунда, тагыраагы ар бир экинчи үй-бүлөдө машина бар. Сыртта жүргөн мигранттарды эске албаганда уюлдук аппараттардын саны жети миллионго жетти", — деди экономист.

Ал белгилегендей кафе-ресторандарда өткөн тойлорго эле миллиарддаган каражаттар жумшалат.

"Атайын адистер Кыргызстандагы 500 кафеге бир жылда кеткен чыгымды эсептешиптир. Алардын айтымында чыгымдын көлөмү жети миллиард сомду түзгөн. Ал эми өлкө аймагында кафелердин саны 500дөн дагы көп. Кээ бир адистер 1-2 миллиард доллар тойлорго жөн эле кетип жатканын билдиршти", — деди адис.

Ушунун бардыгын эске алганда рейтингдин жыйынтыгы башкача чыгып калышы мүмкүн экенин экономист кошумчалап өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0