Академик Акматалиев: акча бөлүнсө "Семетейдин" академиялык варианты толук бүтөт
"Семетей" эпосунун академиялык алты томдугу 1000 нускада чыгарылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга Улуттук идимдер академиясынын академиги Абдылдажан Акматалиев билдирди.
Анын айтымында, жаңы басылыш манасчы Саякбай Каралаевдин айтуусунда жарык көрдү.
"Саякбай Каралаевдин "Семетейи" чыкты. 1930-1960-жылдарда жазылып алынган вариантын салыштырып чыгардык. Андан сырткары, академиялык басылыш болгондуктан кеңири түшүнүктөр жана комментарийлер берилди", — деди Акматалиев.
Алты томдукту Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институту даярдап, ага жалпы 230 миң ыр сап камтылган.