БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Кыргызстанда ММА боюнча улуттук чемпионат өтөрүн Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Мелдеш 8-10-мартта Арча-Бешик жаңы конушундагы спорт комплексинде өтөт. Турнирге 18 жаштан жогорку курактагы мушкерлер катыша алат.
Мелдеш өлкөнүн улуттук курама командасына мыктыларды тандап алуу максатында өткөрүлүүдө жана мушкерлер жети салмак категориясы боюнча күч сынашат.
Жеңүүчүлөр грамота жана белектер менен сыйланат.