БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Даллас эл аралык аэропортунун бажычылары Монголиядын келе жаткан жылкы этин, чучук, топоздун сүтүн кармашты. Бул тууралуу The Washington Post гезити жазып чыкты.
2 women caught at Dulles airport with 42 lbs of horse meat including animal genitals! True story. #imjustsaying #crazynews pic.twitter.com/9WkxCi996J
— Wisdom Martin (@WisdomFOX5) 17 февраля 2017 г.
Бажы кызматкерлери менен чек арачылар Монголиядан келе жаткан эки аялдын жүгүн текшерип жатып, 20 килограммдай жылкы этин таап алышкан. Анын төрттөн бири чучук болгон. Ошондой эле суусундуктун шишесине уй этинен жасалган холодец жана үч литр топоздун сүтү табылган.
Азия мамлекеттеринде ветеринардык көзөмөл начар болгондуктан Монголиядан АКШга жылкы этин алып кирүүгө тыюу салынган. Алынган жүктүн бардыгы өрттөлүп жок кылынган. Мыйзамсыз эт ташыган аялдарэч кандай жазага тартылбайт.