БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Түштүк Кореянын соту Asiana Airlines авиакомпаниясынын жергиликтүү учкучтарына сакал коюуга тыюу салган чечимин туура эмес деп тапканын РИА Новости Кореянын Рёнхан агенттигине шилтеме берүү менен билдирди.
Маалыматка ылайык, компаниянын чет элдик жарандыгы бар учкучтарына сакал коюуга тыюу салынган эмес. Ал эми жергиликтүүлөргөн салынган мындай тыюу Түштүк Кореянын Конституциясына каршы келерин сот өз чечиминде белгилеген.
2014-жылы Asiana Airlines авиакомпаниясы сакал коюп жүргөн бир учкучун жумуштан четтеткен. Ал укугу бузулганын айтып, иштебей калган учурда келтирилген материалдык жана моралдык чыгымды төлөттүрүү үчүн сотко кайрылган. Сот өкүмдү анын пайдасына чечип берди.