Майда кылмыш кылгандар кесилбейт! Президент жаңы кодексти колдоду

© AFP / NOEL CELISЗадержание подозреваемых в Кыргызстане
Задержание подозреваемых в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзам бузуулар боюнча жаңы кодекстин ишке киришин президент колдоду. Sputnik Кыргызстан жаңы Кодекстин кантип иштей турганын, өлкөгө кандай пайда алып келерин иликтеп көрдү.

Жорук-жосун тууралуу кодекске президент 3-февралда кол койду. Эми ал 2019-жылдан тарта иштей баштайт. Документте Кылмыш жаза кодексинде жазылган кылмыштардан жеңил жоруктарга карата колдонулуучу жазалар камтылган.

ПРООНдун мурунку эксперти жана жаңы мыйзамдарды иштеп чыккандардын бири Ирина Летова жаңы кодекстин ишке кириши менен Кыргызстанда эмне өзгөрө турганын айтып берди.

Президенттин буйругу менен өлкөнүн мыйзам базасын реформалоо 2013-жылы башталган. Реформа кылмыш мыйзамдарын гумандаштырууга багытталган. Анткени тоок уурдаган киши менен миллиондогон акчаларды сол чөнтөккө сологондор деле беш жылдан эркинен ажыратылышы көндүм нерсеге айланып калган. Адилетсиздиктен арылуу максатында Кылмыш кодексиндеги анча оор эмес жоруктар өзүнчө бөлүп алынды.

Мында жаза катары айып пул жана коомдук иштерге тартуу чаралары колдонулат.

Аны менен бирге административдик кодекстен насили боюнча кылмыш деп эсептелген аракеттер да өзүнчө бөлүнүп, аларга карата жаза күчөтүлдү.

Жорукка эмнелер кирет?

Работа сельскохозяйственной фермы в селе Ложниково Омской области - Sputnik Кыргызстан
Милиция бир чака сүт уурдады деген кишини изи сууй электе кармаганын жар салды
Үй-бүлөлүк зомбулук, майда уурулук, ден соолукка жеңил жаракат келтирүү, айлык акы төлөөдөн баш тартуу, башка бирөөнүн ордуна добуш берүү — болжол менен мына ушундай аракеттер үчүн кыргызстандыктар 2019-жылдан тарта жазага тартыла баштайт.

Мисалы, ден-соолукка жеңил залал келтирүү — жорук деп саналса, оор залал келтирүү — кылмыш болот. Эгер күйөөсү аялын же аялы күйөөсүн көзүн көгөртө койсо — бул жорук деп эсептелинет. Ал эми эгер сот-медициналык экспертиза мындан ден соолукка олуттуу зыян келтиргенин аныктап чыкса, мыйзам бузган киши Кылмыш жаза кодексинин эрежесине ылайык жазаланат.

Кодекстин эмне пайдасы бар?

Мыйзамды иштеп чыккандар жорук-жосун үчүн адамды эркинен ажыратуу туура эмес деп эсептешет. Мисалы, окуучу баасы 5 миң сомдук телефон уурдап алса, 3-4 жылга эркинен ажыратылат. Эми мындай жорук үчүн айып пул же коомдук иш менен жазалоо каралган.

Айыпталуучу менен жабыркаган жаран мурдагыдай эле адвокаттын кызматын пайдалана алат. Соттун отуруму алдында окуяны иликтөөгө 20 күн берилип, бул мезгилде эки тарап тең күнөөсүз экенин далилдөөгө аракет жасайт.

Өкүмдү сот чыгарганы менен айыпталуучу эркинен ажыратылбайт.

Жорук менен кылмышты кантип айырбаштоо керек?

Документтин түшүндүрмөсүндө жорук менен кылмыштын чеги так ажыратылган. Бул жерде Кылмыш кодексине ооштура турган бир да берене жок.

Башка мамлекеттерде Жорук кодекси колдонулабы?

АКШда кеңири колдонулат. Ал эми Европа мамлекеттеринде Кылмыш кодекси гана иштейт, бул жактарда керек болсо административдик кодекс да жок.

Жорук-жосун үчүн жаран кандай жазага тартылат?

Эгер сот айыпталуучуну айып пулга жыкса, эң ири көлөмдөгү алынуучу каражат 60 миң сом болот. Коомдук иштердин эң узагы 60 саатка созулат.

Жаңы мыйзам укук коргоо органдарынын ишине кандай таасир этет?

Бүгүнкү күндө иштин көбү бир эле тергөөчүгө жүктөлгөн: бир эле убакта киши өлтүрүүнү да, каракчылыкты да тергеп, майда уурулук менен да алектенет.

Рассмотрение суда по делу Халимат Расуловой и Магомеда Расулова - Sputnik Кыргызстан
"Апа, мен күнөөлүү эмесмин!.." Чет жакта соттолуп кеткен кыргызстандыктар
2019-жылдан тартып жорук-жосундар боюнча суракка алган киши иш алып барат. ИИМ системасында милицияны коомдук жана криминалдык деп бөлүнүшү каралган реформа күтүлүп жатат. Тергөөчүлөр олуттуу кылмыштардын бетин ачуу менен алектенсе, суракка алгандар же аймактык милиционерлер жорук-жосундар жаатында иштейт. Анын жүрүшүнө прокуратура көз салат.

Мыйзамдын авторлору финансылык анализ бул реформа үчүн кошумча каражат талап кылынбай турганын көрсөттү. Укук коргоо органдары колдо бар штат менен чектелиши кажет.

Эмнеге жаңы кодекс 2019-жылы гана ишке кирет?

Минфин бюджет кодексинин иштеши үчүн эки жылдан кийин гана каражат бөлө аларын жар салды. Азырынча укук коргоо органдары, прокуратура кызматкерлери, соттор менен адвокаттар мыйзамдын жаңы нормалары менен таанышып, окуудан өтүшү керек.

Кодекстин иштеши кандай пайда алып келет?

Абакта отургандардын саны азаят. Авторлор Кыргызстан түрмөдө отургандарды багууга акча корото албайт, андыктан каражатты үнөмдүү керек деп эсептешет.

Жаңылыктар түрмөгү
0