Сокулукта турак жай менен кошо үй ээси күйүп кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековӨрт өчүрүү кызматкерлери. Архив
Өрт өчүрүү кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда өрттүн чыгуу себептери такталууда.

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Сокулукта турак жай менен кошо үй ээси, 48 жаштагы аял күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сокулук районун Жангарач айылында Жыламыш көчөсүндө түндө №4 үйдө өрт чыгып, 48 жаштагы аялдын сөөгү табылган.

ӨКМден учурда өрттүн чыгуу себептери такталып жаткандыгын билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0