БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Өкмөттүн 2017-жылга карата социалдык саясаты үй-бүлөлөрдү колдоого багытталат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Премьер-министр саламаттык сактоо, заманбап билим берүү, улуттук маданият менен спортту өнүктүрүү, жеткиликтүү турак-жай, киреше табуу жана социалдык коргоону күчөтүү керек экенин белгилеген.
Ошондой эле өкмөт башчы коомчулук менен олуттуу иш алып барып, тарбиялуу, маданияттуу жана патриот жаштарды тарбиялоо зарылдыгын кошумчалады.