БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Баткен облусунда экстримизмге шектелип тажикстандык жаран кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, чет өлкөлүк киши 29-январда "Кызыл-Бел" өткөрүү пунктунун чек арачылары менен УКМКнын Баткен облусундагы башкармалыгы тарабынан колго түшкөн. Диний-экстремисттик уюмдардын бирине тиешеси бар делип кармалган 45 жаштагы тажикстандык Кыргызстанга кирүүгө аракет кылган.
Тиешелүү документтер толтурулгандан соң кармалган УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүп берилген.