Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал. Окуянын чоо-жайы

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүЧек ара кызматкери. Архив
Чек ара кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жекшемби күнү Баткен районундагы чек арага жакын жайгашкан Көк-Таш айылында Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда жаңжал болуп, тараптар бир-бирине таш ыргытышкан.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. 22-январда саат 17.00дөр чамасында кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан Баткен районундагы Көк-Таш айылында эки тараптын жаштарынын ортосунда жаңжал чыккан. Анын кесепетинен машиналардын айнектери менен үйлөрдүн терезелери сынган. 

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы тараптардын пикирин билип көрдү.

Көк-Таш айылы тууралуу эмне билебиз

Кыргызстандын Көк-Таш айылы Тажикстан менен болгон чек арага жакын жайгашкан. Көк-Таш айылы менен Тажикстандын чек арасын бир эле көчө бөлүп турат. Аталган калктуу конуштун стратегиялык мааниси бар, анткени анын аймагынан Көк-Таш — Ак-Сай — Рават жолу башталат.

Алмазбек Атамбаев 18-январда Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Адхам Икрамовду кабыл алды - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев өзбек премьер-министринин орун басарын кабыл алды
Айылдын жайгашкан ордунан улам турмуш тиричиликке байланшыкан чыр-чатактар тез-тезден болуп турат. Эң ириси 2015-жылы жайында болгон. Себеби Тажикстандын жарандары Көк-Таш айылынын тургундары бара турчу мүрзөгө кеткен жолду тосуп алышкан. Аларга жооп кылып кыргыз тарап Тажикстандын аймагына барчу сууну бууп салышкан. Жаралган абалдын кесепетинен Кыргызстандын жети жараны жабыр тарткан. Тажик тараптан канча киши жаракат алганы боюнча маалымат жок.

Жаңжалдын чоо жайы

Өкмөттүн Баткен облусу боюнча атайын ыйгарымдуу өкүлүнүн орун басары Алишер Абдырахмановдун айтымында алгач эки жаран уруша кеткен.

"Андан кийин эки тараптан тең кишилер чогулуп баштаган. Алар бири-бирин таш менен урушкан", — деди ал.

Түзүлгөн абалды Көк-Таш айылынын башчысы Разия Өсөрова чечүүгө аракет кылган. Бирок ага тажик жарандары кол көтөргөнүн өзү айтып берди. Ал ошондой эле жаңжалдын себеби деле жок экенин, буга чейин болуп келген майда пикир келишпестиктер дагы жаңжалдын чыгышына шыкакчы болгонун билдирди.

Жабыр тарткандар жана келтирилгин чыгым

Учурда жабыр тарткандардын арасында Өсөрова гана бар. Ал ооруканага жаткырылып, керектүү жардамдарды алып жатат. Дарыгерлердин айтымында анын абалы туруктуу.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, таш ыргытуудан кыргызстандыктардын үйлөрүнүн терезеси сынса, тажик жарандарынын машинасынын айнектери талкаланган. Келтирилген чыгымдардын чоо-жайы тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы маалымдады.

"Алдын ала маалыматтар боюнча чырдашуунун кесепетинен бир үй жана эки тараптын тургундарынын төрт машинасы жабыр тарткан", — деп айтылат маалыматта.

Кыргыз бийлигинин аракети

Обсуждение приграничных вопросов в Оше - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-өзбек чек ара маселесин чечүү боюнча конструктивдүү иштерди улантуу макулдашылды
Окуя болгон жерге 100гө жакын милиция кызматкери жөнөтүлгөн, абалды жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен чек арачылар көзөмөлдөгөн.

"Жаңжал болгон күнү эле Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугуп, биргеликте чек ара нарядын уюштуруу кабыл алынган. Андан сырткары, бардык маселени тынчтык жолу менен чечип, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү каралган", — деп Чек ара кызматынын маалымат кызматынын өкүлү Сажира Чоколоева билдирди.

Тажик тарап эмне дейт

Тажикстандын чек ара аскер башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын өкүлү Мухаммад Улугходжаев дагы жаңжал болгонун тастыктады.

"Тажик тараптан дагы териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат. Кийин окуянын чоо-жайы тууралуу толук маалыматты жана себептери жөнүндө маалымдайбыз", — деди Улугходжаев.

Чек ара тууралуу

Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча кыргыз-тажик чек арасынын узундугу болжол менен 987 чакырымды түзөт. Анын 500 чакырымдан ашыгы аныкталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0