БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Бирдей темир жол тарифтеринин колдонулушунан улам февраль айы ичи күйүүчү майдын баасы 2-2,5 сомго чейин арзандашы күтүлүп жатканын өкмөт аппаратынын экономика жана инвестиция бөлүмүнүн башчысы Николай Чуйков өкмөттүн жыйынында билдирди.
Анын айтымында, жаңы эсептөөлөр боюнча бир тонна күйүүчү майды Россиядан Кыргызстанга алып келүү 45-48 доллардан айланууда.
Чуйков ошондой эле, акыркы үч айда Россиянын күйүүчү жана майлоочу май рыногунда мунай затты кайра иштеткен заводдордогу дүң баа өскөнү байкалганын айтып, ал өз кезегинде жергиликтүү рыноктогу баанын жогорулашына таасир бергенин кошумчалады.
Маалыматка ылайык, 2017-жылдын башында Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы эки айга жеткидей күйүүчү майдын запасын камдап алышкан.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүнкү күндөгү негизги милдет жазгы талаа иштерине керектелчү майды камсыздоо зарылдыгын белгиледи. Быйыл айыл-чарба иштерине 100 миң тонна дизель майы жана 26 миң тонна бензин керектелери аныкталган.
Тийиштүү мамлекеттик ведомстволорго күйүүчү майдын баасын, көлөмүн көзөмөлдөө үчүн атайын тапшырмалар берилди.