БИШКЕК, 25-Янв. — Sputnik. Өзбекстандын Фергана облусунун губернаторунун кубогу үчүн боло турган беттешке карата "Алай" футбол клубунун каршылаштары аныкталды. Бул тууралуу КРдин Футбол лигасынан билдиришти.
Турнирдин 16 катышуучусу төрт группага бөлүнгөн. Кыргызстандын 2016-жылдагы чемпиону А тобуна кирип, Өзбекстандын көп жолку чемпиону "Нефтчи" (Өзбекстандын жогорку лигасы), "Навбахор" (жогорку лига), "Уз.Донг.Жу" (биринчи лига) жана "Истиклол" (экинчи лига) курама топтору менен беттешет.
Группанын ичинен жеңүүчүлөр гана чыгат. Андан кийин жарым финал жана финалдык оюндар өткөрүлөт. Турнир 27-январдан тарта башталат. Ал эми жарым финал 5-февралда өтсө, финалдык оюн 7-февралга пландалууда…