Атамбаев Эгемберди Эрматовдун жакындарына көңүл айтты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент КР Алмазбек Атамбаев во время встречси с председателем Национальной комиссии по государственному языку Эгемберди Эрматовым. Архивное фото
Президент КР Алмазбек Атамбаев во время встречси с председателем Национальной комиссии по государственному языку Эгемберди Эрматовым. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик тил комиссиясынын мурдагы жетекчиси, акын, драматург жана журналист Эгемберди Эрматов 24-январь күнү 66 жаш курагында каза болду.

БИШКЕК, 25-Янв. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев узакка созулган оорудан кийин 66 жаш курагында каза болгон Кыргыз эл акыны Эгемберди Эрматовдун жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

"Кыргыз элинин чыныгы мекенчил уулу, акын, драматург, котормочу жана публицист Эгемберди Эрматов өз чыгармаларында адамдарды ар-намысты бийик тутууга, өз жерин сүйүүгө, ата-бабалардын арбагын сыйлоого чакырат. Ал кудай даарыган акын эле, табиятынан таланттуу жан мезгил демин даана сезчү. Акындын ааламы көркөм боёкторго жана ыргактарга бай эле. Анын лирикасынын илеби жан дүйнөнү жылытат", — деп айтылат билдирүүдө.

Панихида народного поэта и героя КР Суйунбая Эралиева - Sputnik Кыргызстан
2016-жылы көз жумган атактуулар менен өлүмү кыргызды толгонткон кыз-келиндер
Эске салсак, Мамлекеттик тил комиссиясынын мурдагы жетекчиси, экс-депутат, акын, драматург жана журналист Эгемберди Эрматов кечээ 66 жаш курагында көз жумду

Эгемберди Эрматов 1951-жылы 10-июлда Баткен облусунун Кадамжай районундагы Пум айылында туулган. Чыгыш поэзиясын жакшы билип, улуу акын Низами Гянджевинин "Жети сулуу" поэмасын, Кулкожо Акмат Яссавинин чыгармаларын которгон, "Чыгыш эл адабияты" хрестоматиясын жазган. 2002-жылы Эрматовго "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" наамы берилеп, 2011-жылы ал Кыргыз эл акыны болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0