БИШКЕК 20-янв. – Sputnik. Быйыл "Мыкты экспортчу" сынагы уюштуруларын өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Аталган конкурс премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун жарлыгына ылайык өткөрүлөт.
Сынактын башкы максаты ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо менен инвесторлорду тартуу болуп саналат. Жарлыкка ылайык, сынак жыл сайын өткөрүлүп, уюштуруу милдети Экономика министрлигине жүктөлөт.