БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Борбор калаада республикалык илим, техника жана өндүрүш жумалыгы өтөт. Бул тууралуу балдардын республикалык инженердик-техникалык академиясы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, жумалык 6-февралдан 12-февралга чейин Бишкек шаарында өтүп, аймактардан келген мектеп окуучулары дагы катышат. Иш-чаранын алкагында өспүрүмдөрдүн жасаган жабдыктарынын атайын көргөзмөсү уюштурулат.
Ошондой эле 9-январда Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде илимий-техникалык олимпиадада мектеп окуучулары күч сынашат.
Андан сырткары, окуучулардын илимпоздор менен жолугушуусу жана өндүрүш ишканалары менен таанышуусу дагы пландалган.