Жарандык авиация: учактын кыйроо себептерин иликтөөгө АКШ да кошулушу мүмкүн

© Sputnik / Табылды КадырбековСотрудники МЧС на месте крушения самолета недалеко от аэропорта "Манас"
Сотрудники МЧС на месте крушения самолета недалеко от аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Гонконг — Стамбул каттамы менен келе жаткан учак Бишкекке май куюу үчүн токтомок. Аба кемеси бүгүн эртең менен аэропорттун жанындагы Дача-Суу айылына кулап, акыркы маалыматтар боюнча 34 киши каза болгону айтылды.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Boeing – 747 жүк ташуучу учагынын кыйроо себептерин иликтөөгө Түркия, АКШ жана эл аралык авиация комитети кошулушу мүмкүн. Бул тураасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Жарандык авиация агенттигинин директорунун орун басары Бакыт Жунушалиев билдирди.

Гонконг — Стамбул каттамы менен келе жаткан учак Бишкекке май куюу үчүн токтомок. Аба кемеси бүгүн эртең менен аэропорттун жанындагы Дача-Суу айылына кулап, акыркы маалыматтар боюнча 34 киши каза болду.

"Эл аралык талапка ылайык, кырсыкты окуя болгон өлкө иликтейт, б.а., Кыргызстан териштирет. Ага сөзсүз түрдө компания таандык өлкө, учакты иштеп чыккан мамлекет катышат. Эгер Boeing болсо, анда АКШ катышат. Ага Эл аралык авиация комитети да кийлигишет", — деди Жунушалиев.

Анын айтымында, учурда куткаруу иштери жасалып жаткандыктан, "кара ящик" издөө иштери жүргүзүлгөн жок. "Кара ящикти" кайсы мамлекет чечмелей турганы кийинчерээк белгилүү болот.

Учактын кыйрашы боюнча толук жана кененирээк маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигинен темасынан окусаңыз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0