БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Чүй, Ысык-Көл облустары менен Бишкек шаарынын бир катар көчөлөрүндө электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу Улуттук энергохолдинг билдирди.
Маалыматка ылайык, 15-январда Бишкек шаарынын Шабдан баатыр, Армейский көчөлөрү менен "Кайыңды", "Дордой" жана "Ак-Тилек" жаңы конуштарында кырсыктарды алдын алуу үчүн түнкү 12:00дөн таңкы 06:00гө чейин жарык өчөт.
Чүй облусунда 14-январда Беловодское айылында 09:00дөн 13:00го чейин, 15-январда Кичи Ала-Арча айылында түнкү 12:00дөн таңкы 05:00гө чейин электр энергиясы болбойт.
Андан сырткары, оңдоо иштерине байланыштуу 14-январда Ысык-Көл облусунун Оттук айылы менен Чолпон-Ата шаарында 09:00дөн 17:00го чейин электр энергиясы берилбейт.