БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Казакстандын Тараз шаарында өспүрүмдөр арасында футбол боюнча "Кышкы эс алуу" эл аралык турнири аяктап, жыйынтыгында Кыргызстандын спортчулары жеңишке жетишкенин КР Футбол федерациясы өзүнүн Facebook баракчасына жарыялады.
"Мелдешке Казакстандын Алматы, Тараз, Шымкент жана Атырау шаарларындагы спорт мектептеринин окуучулары жана Бишкектеги Республикалык олимпиада резервинин балдар жана өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары катышты. Жыйынтыгында 2004-жылы туулгандар арасында машыктыруучу Нурлан Букуевдин командасы, 2003-жылы туулгандар арасында Марат Израиловдун "Алга" командасы алдына киши салган жок", — деп айтылат билдирүүдө.
Мелдеш 3-9-январь күндөрү Тараз шаарынын "Локомотив" футбол борборунун базасында өткөрүлдү.