БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. "Түндүкэлектр" ишканасы күйүүчү май сатып алуу үчүн тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда, ишкана Аи-80, Аи-92 үлгүсүндөгү бензин менен дизелдик май үчүн 14 миллион 242 миң сом сарптоого даяр.
Тендер 5-январда жарыяланып, мөөнөтү 26-январда аяктайт.